Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:11

Ишкерлер чакан жана орто бизнестин абалына кабатыр


Кыргызстандагы чакан жана орто бизнес оор кырдаалга туш келгенин 29-октябрдагы маалымат жыйында Эл аралык ишкерлер кеңеши менен Жаш ишкерлер ассоциациясынын өкүлдөрү билдиришти. Ишкер Элдар Абакировдун ырасташынча, ири өндүрүшү жок Кыргызстан чакан жана орто бизнесинин өнүгүшүнө жол ачмайын ЕАЭБдеги атаандаштыкка туруштук бере албайт.

-Азыр "Дордой" базарында абал оор. "Дордойду" жоготуу менен Кыргызстан экономикасынын бир бөлүгүн жоготот. ЕАЭБде Кыргызстан айыл чарбасы менен гана жан багып кете албайт,- дейт Абакиров.

Анын айтуусунда, чакан жана орто бизнес Кыргыз-орус фондуна үмүт арта албайт. Анткени, бул фонддун жобосу боюнча бериле турган насыялардын минималдык ѳлчѳмү $3 млн. жана долбоорго керектүү каражаттын кеминде 20% насыя алган тарап ѳзү табышы керек.

Кыргызстанда калктын 20% чакан жана орто бизнеске тартылган. Тармактын экономикадагы үлүшү – 39%. (JM/AK)

XS
SM
MD
LG