Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:48

Сариев: Төмөнкү пайыз менен ипотекалык насыя бериле баштайт


Kyrgyzstan -- Kyrgyz money (valute) som, 11 February 2015
Kyrgyzstan -- Kyrgyz money (valute) som, 11 February 2015

Бул тууралуу премьер-министрликке талапкер Темир Сариев бүгүн парламентке өз программасын тааныштырып жатып билдирди. Ал өкмөт 11 приоритеттүү багытты сунуштап, ички бюрократия кескин кыскартылып, ашыкча документтерди кабыл алууга жол берилбей турганын, документтер электрондук жүгүртүүгө өткөрүлөөрүн айтты. Мамлекеттик тейлөө тартипке салынып, биометрикалык маалымат базасыз түзүү улантыларын кошумчалады. Мындан сырткары, мамлекеттик кызматкерлердин, дарыгер, мугалимдердин турак жай маселесин чечүү үчүн төмөнкү пайыз менен ипотекалык насыя бериле баштаары белгиленди.

Бүгүн Жогорку Кеңеш премьер-министрди жана өкмөт түзүмүн бекитиши керек. Сариевдин талапкерлигин төрт фракциядан турган коалициялык көпчүлүк сунуштаган. Парламенттеги оппозиция өкмөттүн жаңы түзүмүн жана талапкерлердин программасын бүгүн гана колдоруна алганын, ошондуктан өкмөттү шайлоого кенен убакыт берүү зарылдыгын белгилешүүдө.

“Жеткиликтүү турак жай - 2015-2020” программасынын алкагында насыялар улуттук валютада 12 пайыздык үстөк менен 15 жылга берилет.Турак жайдын баасы чарчы метрине 600 доллардан ашпайт. Учурда жаңы курулуп жаткан турак үйлөрдүн 1 чарчы метринин баасы 450 доллардан 1200 долларга чейин болууда. (КЕ)

XS
SM
MD
LG