Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:12

Азербайжанда кечээги атышуудан кийин 14 киши камакка алынды


Нардарандагы нааразылык. 26-ноябрь, 2015-жыл.
Нардарандагы нааразылык. 26-ноябрь, 2015-жыл.

Полициянын рейдинен соң кармалгандар арасында “Мусулман биримдиги” деп аталган топтун башчысы Тали Багризаде да бар.

Кечээ борбор Бакунун четиндеги Нардаран конушунда күч кызматтары менен Багризаденин жактоочулары ортосундагы атышуудан алты киши, анын ичинде эки полицей мерт болгон.

Азери ички иштер министрлиги менен Башкы прокуратурасынын билдирүүсүндө “Мусулман биримдиги” тобу “диндин атына жамынуу менен өлкөнү дестабилдештирип, теракттарды жана массалык кагылыштарды” уюштурууну көздөгөнү айтылат.

Азери Ички иштер министрлиги ошондой эле бул топтун адамдары полицияга автоматтан ок ачып, граната ыргыткан деп ырастоодо.

Ал эми Нардаран конушунун тургундары “Азаттыктын” азери кызматына адам өлүмүнө алып келген кыянатчылыктар “динге ишенгендердин бир нечесин” кармоодон чыккан нааразылыктын натыйжасы экенин айтышты. (UE)

XS
SM
MD
LG