Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:59

Түркия Орусияны айыптоосун далилдер менен бекемдөөгө чакырды


Режеп Эрдоган.
Режеп Эрдоган.

Президент Режеп Тайып Эрдоган Орусия Түркия “Ислам мамлекети” тобунан мунай сатып алат деген айыптоосун далилдер менен бекемдеши керектигин кайрадан France 24 телеканалы менен маегинде билдирди:

-Орус бийликтери мындай сөздөрдү айтпашы керек эле. Биз террордук уюмдардан эч качан май сатып алып же саткан эмеспиз. Алар муну далилдеш керек. Алар муну далилдеген кезде Тайып Эрдоган кызматында калбаш керек. Бирок бул ушакты таратып жаткандар өз кызматын таштай алабы?

Орусиянын аскерий учагы Сирия-Түркия чек арасында Түркия тарабынан атып түшүрүлгөн соң орус премьери Дмитрий Медведев “Ислам мамлекети” тобунун карамагындагы ишканалар өндүргөн кара майды соодалоодо түрк расмий өкүлдөрүнүн тикелей кызыкчылыгы бар деп билдирген болчу. Түркия бул айыпты жалаа жабуу деп четке каккан. (UE)

XS
SM
MD
LG