Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:18

Туңгуюкка кептелген Кумтөр сүйлөшүүсү


Кумтөр кени, февраль, 2013
Кумтөр кени, февраль, 2013

Кумтөр долбоору боюнча “Центерра Голд Инк” менен кыргыз өкмөтүнүн жаңы келишим түзүү тууралуу сүйлөшүүлөрү туңгуюкка кептелди.

Кечээ, 22-декабрда кыргыз өкмөтү Кумтөрдө 50/50 үлүштөгү ишкана түзүү боюнча “Центерра” менен сүйлөшүүлөрдү токтотконун жарыялаган. Бүгүн “Центерра” жооп кайтарып, кыргыз өкмөтүнүн сүйлөшүүнү токтотуу ниети боюнча кат алышканын айтты жана Кумтөр долбооруна байланышкан бардык талаштуу маселелер эл аралык арбитраждык сотто каралып, чечилерин эскертти.

Эки жыл зарыккан келишим

Кыргыз өкмөтү Кумтөр долбоору боюнча 2014-жылдын 18-январында кабыл алынган келишимди аткаруу боюнча канадалык “Центерра Голд Инк” компаниясы менен сүйлөшүүдөн чыгарын жарыялады. Өкмөттүн маалымдашынча, сүйлөшүү быйыл апрелден бери жакшы жүрбөй, жыйынтыксыз болгондугуна байланыштуу ушундай чечим кабыл алынган.

Премьер-министр Темир Сариев 23-декабрда парламентте сүйлөшүүдөн чыгууга себеп болгон жагдайларды атады:

- 50/50 үлүштөгү ишкана түзүү боюнча сүйлөшүүнү токтоттук. Анткени алар биз койгон шартка жана талапка көнбөй, өздөрүнүн шартын таңуулашкан. Биз ал шарттарга бара алган эмеспиз. Коюлган шарттарды санап айта турган болсок, биринчиси – алар жаңы ишкананы оффшордук аймакта каттайбыз дешти. Биз буга каршы болдук. Экинчиси – башкарууну долбоор аяктаганча “Центеррага” бергиле дешкен, биз буга да макул болгон эмеспиз. Экология боюнча 310 миң долларлык төлөмдү 3 миллионго көтөргүлө десек, алар 1 миллион долларга гана көтөрөбүз дешти. Биз буга да макул болгон жокпуз.

Кыргыз өкмөтү менен “Центерра” 2014-жылдын январында Кумтөр боюнча 50/50% теңме-тең үлүшкө ээ болгон биргелешкен ишкана түзүү боюнча меморандум кабыл алган. Аны ошол кездеги парламент да колдоп берген. Ага ылайык, мурдагы келишимдерден айырмаланып, биргелешкен ишкана Кыргызстанда катталып, жергиликтүү мыйзамдар менен иш жүргүзмөк. Жаңы ишкананын директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн жарымы Кыргызстан тараптан болмок.

Дээрлик эки жылдан кийин бул боюнча келишимге жетише албаган өкмөт сүйлөшүүлөрдү токтотууга барууда. Ошол эле кезде өкмөт Кумтөр боюнча Кыргызстанга көбүрөөк пайда берген долбоордун жаңы варианты сунушталарын айтты. Темир Сариев парламентте буларга токтолду:

- Жакын арада жаңы сунуш беребиз. Биз экономикалык жана экологиялык жагына көбүрөөк басым жасашыбыз керек. Мамлекет көбүрөөк пайда алып, экологияны сактап кала турган, анан жаңы технологияны колдоно турган вариантка барабыз деп айтып жатабыз.

"Центерранын" туюк жообу

Өкмөттүн сүйлөшүүнү токтотуу боюнча билдирүүсүнө “Центерра Голд Инк” бүгүн, 23-декабрда жооп кайтарды. Анда кыргыз өкмөтүнүн сүйлөшүүнү токтотуу ниети боюнча катын алышкандыгы айтылган. Ошондой эле Кумтөр долбоору учурда 2009-жылдагы келишим менен иштеп жатканы, ага байланыштуу талаш маселелердин баары эл аралык арбитраждык сотто каралып, чечилиши керектиги айтылган.

“Центерранын” туруму боюнча "Кумтөр" ишканасынын маалымат катчысы Нуржан Алымканова буларды кошумчалады.

- Кумтөр долбоору боюнча макулдашуулар 2009-жылы кыргыз өкмөтү жана Жогорку Кеңеш, ошондой эле Кыргызстандын бардык тийиштүү органдары тарабынан жактырылган. Андан тышкары Кыргызстандын Юстиция министрлиги берген корутунду жана Конституциялык сотунун оң токтомдору бар.

Эмиссия чыгарууга кыргыз өкмөтү каршы

Өкмөттүн сүйлөшүүнү токтотуу ниетине “Центерранын” буга чейин эскертпей туруп эле кошумча акция же эмиссия чыгаруу чечими да себеп болгону айтылууда. Атап айтканда, 17-декабрда Канаданын Торонто шаарындагы “Центерранын” директорлор кеңешинин кезексиз жыйынында 4,6 миллион эмиссия чыгаруу кабыл алынган.

"Центерранын" директорлор кеңешинин Кыргызстандын атынан дайындалган үч мүчөсү ал жыйында эмиссия чыгарууга каршы добуш берген. Директорлор кеңешиндеги Кыргызстандын мүчөсү Кылычбек Шакировдун “Азаттыкка” билдиришинче, кошумча акция чыгаруу Кыргызстандын “Центеррадагы” 32,7% үлүшүн 32,1% чейин түшүрөт. Темир Сариев парламентте эмиссия тууралуу маселе боюнча да түшүндүрмө берди:

- Бул жерде дагы бир маселе чыгып калды. 17-декабрда алар “Центерранын” директорлор кеңешин чакырышкан. Директорлор кеңешинде Кыргызстандан үч адам бар. "Центерра" алдын ала күн тартибинде финансылык туруктуулук боюнча маселе каралат деген маалымат берген. Бирок баргандан кийин биз кошумча акция чыгарабыз деп, 4,6 миллион эмиссия чыгаруу чечимин кабыл алып койду. Директорлор кеңешиндеги биздин мүчөлөр буга каршы чыгышты. Бирок алар көпчүлүк менен кол көтөрүп, чечип коюшту. Муну уккандан кийин биз дароо аларга каршыбыз деп кат жолдодук. Канаданын регуляторуна да кат жолдодук, муну каттабагыла, анткени процедурасы бузулган деп. Биз азыр Торонтодон юридикалык кеңеш бере турган жардамчыларды алып жатабыз. Бул маселе да талаш болот окшойт.

"Центерранын" директорлор кеңешинде жалпысы 12 адам болсо, анын үчөө Кыргызстандан.

Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев сүйлөшүүлөрдүн туңгуюкка келиши боюнча буларга токтолду.

- Биз бир нече жыл мурун эле улутташтырууга барышыбыз керек эле. “Центерранын” тактикасы баарыбызга белгилүү. Анын сыры ачылган. Эптеп сүйлөшөбүз деп убакытты созууда. Үч жыл созду, дагы үч жыл созсо ал жерде алтын деле калбай калат. Биз өзүбүз үчүн өтө кымбат, маанилүү болгон үч жылды өткөрүп жибердик. Бүгүн да биз макул эмеспиз деп өкмөт менен мышык-чычкан ойноп, созгонго аракет жасоодо.

Кыргызстан эң чоң акционери болгонуна карабай, аны менен эсептешпей, кызыкчылыгын эске албай кошумча акцияларды чыгарып, биздин үлүшүбүздү бир топко азайтып жатышат... Мунун баары “Центерранын” бизге ниети түз эмес экендигинин далили. Алардын “эптеп эски эрежелер менен иштей берсек, бир нече жылдан кийин алтын да калбай калат, Кыргызстан менен ошондо башкача сүйлөшөбүз” деген ниети бар.

Учурда иштеп жаткан келишим боюнча Кумтөрдүн 33% Кыргызстанга, 67% “Центерра Голд Инкке” таандык. Кумтөр Кыргызстандагы бюджеттин киреше бөлүгүн түзгөн негизги ишканалардын бири катары саналат.

XS
SM
MD
LG