Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:15

Анкара Вашингтонду Сириядагы күрттөрдү колдоосу үчүн сындады


Режеп Тайип Эрдоган
Режеп Тайип Эрдоган

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Сириядагы күрттөрдүн ири тобун колдогондугу үчүн АКШ бийлигин сындады.

10-февралда Анкарада сүйлөп жатып президент Вашингтондун Күрттөрдүн демократиялык партиясынын (PYD) жана анын куралдуу канатынын мүчөлөрүн террорчулар деп тааныбай жатышы региондо “кан төгүүгө” алып келүүдө деди.

Мамлекеттик департаменттин маалымат катчысы Вашингтон партияны террордук уюм деп эсептебесин жана алардын Сириядагы операцияларын колдоону улантарын айткандан кийин шейшембиде Түркия АКШнын элчисин чакыртып, нааразылыгын билдирген.

Анкара Күрттөрдүн демократиялык партиясын Түркиянын түштүк-чыгышында автономия үчүн күрөшүп келаткан Күрттөрдүн Жумушчу партиясынын (PKK) бир бөлүгү деп билет.

Эрдогандын билдирүүсү түрк өкмөтү Сириядан агылган он миңдеген качкынды кабыл алсын деген кысымга туш болгон маалда жасалды.

XS
SM
MD
LG