Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:55

Жол чырына шектелген Улан Уезбаев кызматтан кетти


Транспорт жана байланыш министринин орун басары Улан Уезбаев жол чыры объективдүү иликтенсин деген максатта кызматтан өз эрки менен кетти. Анын арызын бүгүн өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков канааттандырып, жумуштан бошотуу тууралуу буйрукка кол койду.

Балыкчы – Корумду автожолун куруу боюнча тендерди уткан кытайлык “Лонг Хай” компаниясы Уезбаевдин жакын досторуна таандык деп экс-министр Аргынбек Малабаев айтып чыккан.

Бирок Уезбаев муну жалган жалаа деп атаган.

104 чакырым Балыкчы – Корумду жолун калыбына келтирүүгө алгач ирет бюджет эсебинен 6,8 млрд сом бөлүнгөн. Депутаттык комиссия долбоор 1,2 млрд сомго кымбат бааланып, кытайлык компания мыйзам бузуулардын негизинде тендерден уткан деп айтууда.

Бул чыр мурдагы премьер-министр Темир Сариевдин иштен кетүүсүнө да себеп болду. Бирок ал анын кызматтан кетүүсүнө депутаттык комиссиянын саясий максатты көздөгөн бир жактуу чечими себеп болгонун айткан.

Териштирүү уланууда. (RK)

XS
SM
MD
LG