Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:20

Депутат Лунара Мамытова мандатын тапшырууга арыз жазды


Лунара Мамытова
Лунара Мамытова

"Бир бол" фракциясынын мүчөсү Лунара Мамытова Борбордук шайлоо комиссиясына арызды 29-апрелде бергенин фейсбуктагы баракчасына жазды. Арыздын көчүрмөсүн да интернетке жайгаштырып, анын ордуна Улукбек Ормонов келерин маалымдады.

Мамытова эмне себептен мандатын тапшырып жатканын ачык айтпай, “Мен үчүн адам бойдон калуу башкы максат. Кыргызстандын саясий чөйрөсүндө аз убакыт болсом да саясаттын анык жүзүн биле алдым” деп жазды.

Мамытова былтыр күзүндө өткөн парламенттик шайлоодо “Бир бол” партиясынан депутат болуп келген. Бирок башынан эле Жогорку Кеңеште жарым жылдай иштеп, ордун башкаларга бошотот деген сөздөр жүргөн. (SE)

XS
SM
MD
LG