Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:36

Орусияда Айчүрөк тууралуу берүү көрсөтүлдү


Айчүрөк
Айчүрөк

13 жаштагы Айчүрөктүн тагдыры тууралуу көрсөтүү Орусиянын мамлекеттик Биринчи каналында 29-апрелде көрүүчүлөргө тартууланды.

«Мужское/женское» программасы даярдаган телеберүү “Уурдалган балалык” деп аталат. Ага Айчүрөктүн тагдырын элге жеткирген "Азаттыктын" кабарчысы Сабыр Абдумомунов жана өспүрүмдүн үй-бүлөсү катышты. Талкууда өспүрүмдүн турмушу студиянын конокторун таң калтырып, алар үй-бүлөгө жардам бере турган болушту.

Айчүрөк тууралуу Орусиянын биричи каналы социалдык тармактардан көрүп, аны тартуу сунушу менен "Азаттыкка" кайрылган.

Көрсөтүүдөн кийин Орусиянын "Атамекендик футбол фондусунун" президенти, ишкер Алимжан Тохтахунов Айчүрөккө жардам иретинде 100 миң рубль берген. Ырчы жана композитор Андрей Ковалев бир жыл бою ай сайын 5000 рублдан акча которуп турмай болгон.

Ошондой эле көрсөтүүнүн автору Александр Гордон эфир аркылуу кыргыз бийлигине кайрылып, өлкөдөгү насыя берүүдөгү маселеге көңүл бурууну жана Ырыскан Сулайманованын алданган насыя карызын акыйкат кароону өтүндү.

Орусиянын биринчи каналынан тышкары Москвадагы белгилүү "Че" деген телеканал Айчүрөк тууралуу атайын берүү даярдаган.

Майып апасын инисине кошуп баккан Айчүрөк тууралуу “Азаттыктын” макаласы 21-февралда жарыяланган. Бул үй-бүлөнүн абалы Кыргызстанга эле эмес, чет мамлекеттерде да кызуу талкууга түшүп, аларга жардам берүүнү каалагандар көбөйгөн. Буга байланыштуу Айчүрөктүн апасы Ырыскан Сулайманованын атына банкта атайын эсеп ачылып, кийинчерээк демөөрчүлөрдүн көмөгү менен үй-бүлө бардык шарты бар батирге көчүрүлгөн. Президент Алмазбек Атамбаев кызга 50 миң сом жана китеп белек кылган.

XS
SM
MD
LG