Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:57

Ирак: ашынган шииттер парламентке кирип барды


Ирак: ашынган шииттер парламентке кирип барды
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:10 0:00

Ирактын премьери Багдадда кырдаал көзөмөлдө экенин билдирүүдө. Премьер-министр Хайдер Абади нааразылык акциясына чыккандарды митинг өткөрүүгө мүмкүндүк берилген аймактарга кайтууга жана тынч митинг өткөрүүгө чакырды. Ал митингчилерди жеке менчикке жана Ирактын бардык жарандарына тийиштүү болгон мамлекеттик мекемелерге зыян келтирүүдөн оолак болууга үндөөдө. Ал буга чейин митингчилер ээлеп алган парламент имаратын бошотууга чакырган билдирүү тараткан эле. Маалымат агенттиктеринин билдиришинче, шииттердин лидери Муктад ас-Садрды ээрчигендер парламенттен алыс эмес жердеги алачык лагерине кайтышты. Нааразылык акциялары парламент Муктад-ас-Садр сунуштаган кадрларды өкмөткө беките албай койгондуктан чыккан. Жыйынтын соңунда бул маселени кароо 3-майга жылдырылган. Себеби парламент беш жаңы министрди бекитүү үчүн кворум чогулта албай койгон. Аптанын шейшемби күнү алты министр дайындалган. Бирок өкмөттүн толук курамы бир нече аптадан бери бекитилбей келе жатат. (Рейтерстин тасмасы)

XS
SM
MD
LG