Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:23

Украина чыгышында атышуулар токтогон жок


Украин өкмөтү 1-майда өлкө чыгышындагы соңку атышуулардан бир аскери мерт болуп, дагы бир канча жоокери жаракат алганын кабарлады. Украин армиясынын өкүлү Александр Мотузяник жикчилер өткөн түнү бир канча жерден, анын арасында Донецктин чет жакасынан да өкмөттүк күчтөрдүн чебин көздөй ок атканын кабарлады.

Өлкө чыгышындагы жикчилер өздөрүнүн "Донецк" аттуу агенттиги аркылуу 30-апрелде украин куралдуу күчтөрүнүн аткылоосуна кабылганын айтып чыкты.

Тараптар мунун алдында Пасха жана май майрамдары учурунда ок атышпай турууну макулдашкан. Бул келишим 30-апрелге караган түндөн тарта күчүнө кирмек.

Соңку маалыматтарга караганда, Украинанын чыгышында орусиячыл жикчилер менен уруш башталган эки жылдан бери 9300 адамдын өмүрү кыйылды.

XS
SM
MD
LG