Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:22

Абдылда Капаров Ош облустук сотуна аппеляциялык арыз менен кайрылат


Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков менен анын иниси, парламенттин экс-спикери Асылбек Жээнбековду мамлекеттин 3 миллион долларын жок кылып жиберген деп айыптаган Ош облустук милициясынын мурдагы башчысы Абдылда Капаров бул тууралуу “Азаттыкка” билдирди. 30-апрелде Ош шаардык соту аны бир жылга түзөтүү колониясында жазалоо тууралуу өкүм чыгарган. Капаров бул өкүм менен макул эместигин билдирип, жогорку инстанцияга арыз жолдой турганын билдирүүдө.

Абдылда Капаров Сооронбай жана Асылбек Жээнбековдорду "2010-жылы өкмөт бөлгөн 3 миллион долларды июнь окуясына жумшаган болушу мүмкүн", деп айыптап чыккан. Бирок Жээнбековдор бул айтылгандарды куру доомат катары баалап, Капаровду сотко берип, эки инстанциядан утуп алган.

Милициянын полковниги Абдылда Капаров 2010-жылдын апрель айынан июнь айына чейин Ош облустук ички иштер башкармалыгын жетектеп турган. Сооронбай Жээнбеков менен келишпестиктен улам кызматынан четтетилгени айтылган. (NT/YI)

XS
SM
MD
LG