Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:50

Мандемдүү генералдар


Апта соңундагы кыргыз басылмаларына Шайлообек сереп.

“Ачык саясат" гезитине өлкөнү төңкөрүш жолу менен басып алгысы келген Бекболот Талгарбеков, Марат Султанов, Төрөбай Колубаев Улуттук коопсуздук комитети тарабынан камакка алынып, сурак бере баштаганын кабарлап, Талгарбеков менен Колубаевдин кожоюнуна телефон аркылуу берип аткан “отчету” басылып чыкты.

“Эркин Тоо” гезитинен Кыргызстан үчүн Түштүк Азия рыногуна жол ачкан CASA - 1000 долбоору тууралуу окуйсуздар.

“Супер инфо” гезити “Президент Атамбаев орус фашисттерине нааразы”, “Нариман Түлеев бошотулду, Элдик парламенттин миссиясы соңуна чыкты” деген макалаларды басты. Бул макалада Бекболот Талгарбеков “Заноза” деген сайтка берген маегинде аларды колдогондордун бири катары Москвада иштеп жаткан Бахтияр Алиевдин атын атаганын, ошол Алиев 2010-жылкы апрель окуясынан кийин кыргыз мамлекетин жетектөөгө Бишкектин мурдагы мэри Нариман Түлеев татыктуу деп айтканын, окуянын өнүгүшү көрсөткөндөй “Элдик парламенттин” жалгыз максаты Нариман Түлеевди гана бошотуу болгонбу, Түлеев бошоду, эми “Элдик парламенттин” миссиясы бүттүбү?” деген ойду айтты.

“Жаңы агым” гезити да бул боюнча жазган Кадыр Бостондун макаласында Талгарбеков таянган экинчи генерал Вячеслав Ушаков Ош пединститутун аяктап, Оштун КГБсында иштегенин, 94-жылдан баштап Орусиянын коопсуздук кызматында жүрүп генерал-полковник наамын алганын, 2011-жылы Орусиянын президенти тарабынан иштеги кемчиликтери үчүн кызматынан айдалган неме болгонун, генерал Ушаков 100 миң долларга туулган күнүн белгилеп, Пугачеваны ырдатканын, Кыргызстанда кызыкчылыгы көп экенин, айрыкча ал Жаныш Бакиев менен мамилеси ысык болгонун, “анан ушул өңдүү мандемдүү башка элдин генералдары Кыргызстандын келечеги үчүн жакшылык кылмак беле?” деп жазып чыкты.

“Фабула” гезити Үсөн Касыбековдун “Ашка жүк, башка жүк” деген, Гүлмира Шаршеева тарабынан жыйналган “Максат Чакиев коррупцияга каршы күрөшүүнүн курмандыгы болдубу?” деген ой-пикирлердин топтомун, Айжан Жаныбекованын “Демилге” деген, Тынчтык Алтымышевдин депутаттар Жыргалбек Турускулов менен Дастан Жумабековдон “Энерголдинг” тууралуу суроолорго алган жообун, Тилек Рыскуловдун окумуштуу аграрчы Элмира Жумалиевадан алган маегин, Тынчтык Алтымышевдин “Карапайым адамдарга жамынган коррупционерлер” деген макаласын тартуулады.

“Де-факто” гезитинен депутат Тазабек Икрамовдун, тарыхчы Кыяз Молдокасымовдун, саясат таануучу Марс Сариевдин, депутат Айтмамат Назаровдун маектерин, Нуркан Турсунбаевдин “Таттыбүбү гүлбакчасынын тарыхы” деген, Нурзада Ташбаеванын “Болот Миңжылкыевдин үнү Миланда үч жыл шаңшыган” деген, Нургазы Айтмырзаевдин “Талгарбеков парламентти талкалайбы же “Акаев” деп айхайлайбы?” деген макалаларын окуйсуздар. Жазуучу Каныбек Иманалиевдин “Куржун” аттуу турмуштун өзүнөн алынып жазылган өтө кызыктуу аңгемеси да ушул санда.

“Заман” гезити “Тоодой үмүттү туристтер актай алабы?” деген суроолуу макаласы менен бүгүнкү санын ачты. Кубанычбек Маматали уулунун “Дары-дармек сатуу саясатына көзөмөл керекпи?” деген, Айзада Касымбаеванын “Кулпунай өстүрүү дыйкан үчүн кирешелүү жумуш” деген, Шейшекан Жаналиеванын “Майдангер аталарыбызга түбөлүк таазим!” деген, Назгүл Бостонбаеванын “Өкмөт Казакстанга картошка киргизүү чарасын издөөдө” деген макалаларды сунуштады.

“Вечерний Бишкек” гезити согуш ардагерлерине арналган бир топ макалаларды, эскерүүлөрдү басты. Бермет Маликованын макаласы “Жерди трансформациялоо жана аң-сезим” деп аталды. Евгений Денисенконун макаласы “Жаңы доордогу кыргыз мандикерлери” деген ат менен жарык көрдү.

XS
SM
MD
LG