Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:36

Марипов: Спортчулардын жеңиши Эгемендиктин 30 жылдыгына белек


3-августтагы беттештерди Бишкектин борбордук аянтында эл чоң экранда көрдү. Ортодо Улукбек Марипов.
3-августтагы беттештерди Бишкектин борбордук аянтында эл чоң экранда көрдү. Ортодо Улукбек Марипов.

"Токио Олимпиадасында кыргыз спортчулары жетишкен ийгиликтер өлкө Эгемендигинин 30 жылдыгына мыкты белек болду", - деп Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов балбандар Акжол Махмудов менен Мээрим Жуманазаровага жолдогон куттуктоосунда айтты.

"Биз сиздер менен сыймыктанабыз, өсүп келе жаткан муун үчүн үлгү болдуңуздар. Сиздерге өлкө желегин жогору желбиретип, мекендештерибизге жаркын маанай тартуулаганыңыздар үчүн ыраазычылык билдирем!", – деген Марипов балбан Айсулуу Тыныбековага алдыдагы финалдык беттеште ийгилик каалады.

Мурдараак президент Садыр Жапаров Махмудов менен Жуманазарованын жеңишин улуттук спорт тарыхындагы ийгилик катары сыпаттаган.

Жапониядагы Жайкы Олимпиадада 3-август күнү грек-рим күрөшүнөн Акжол Махмудов күмүш, кыз-келиндер күрөшүнөн Мээрим Жуманазарова коло байге алып, өлкөнүн рейтинги жогорулады. 4-августта Айсулуу Тыныбекова алтын үчүн күрөшөт.

Жапониянын борборунда 23-июлда расмий ачылган Олимп оюндарында 200дөн ашуун мамлекеттен 12 миңге жакын спортчу барды. Анда спорттун 33 түрү боюнча 339 медалдар топтому ойнотулат. Олимпиада 8-августта жыйынтыкталат.

Эл аралык мелдешке Кыргызстандан 16 спортчу аттанган. Алардын тогузу байге ала алган жок. Мамлекет алтын медал тагынгандарга 10 миллион сом, күмүшкө жети миллион сом, коло үчүн беш миллион сом сый акы убада кылган.

31-август - Кыргызстандын Эгемендик майрамы. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG