Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:39

Токио-2020: Атабек Азизбеков мелдештерин жыйынтыктады


Денис Максимилян Кудла жана Атабек Азизбеков. 4-август, 2021-ж. Токио, Жапония.
Денис Максимилян Кудла жана Атабек Азизбеков. 4-август, 2021-ж. Токио, Жапония.

Токиодо өтүп жаткан Олимп оюндарында грек-рим күрөшүнөн 87 килограммга чейинки салмакта күч сынашкан Атабек Азизбеков 4-августта жооткотуучу беттеште германиялык Денис Максимилян Кудлага жеңилип, мелдештерин жыйынтыктады. Аталган таймашта жеңишке жетсе Азизбековго коло байге үчүн күрөшүүгө жол ачылмак.

Атабек Азизбеков 3-августта алгачкы беттешинде венгриялык Виктор Лоринцке жеңилип (1:6) калган. Лоринц финалга чыккандыктан Азизбеков жооткотуучу таймашка чыккан.

Токио Олимпиадасында бүгүн, 4-августта кыргызстандык спортчулардан Айсулуу Тыныбекова финалда күрөшөт. Кыз-келиндер күрөшүнөн 62 килограмм салмакта Тыныбекова алтын байге үчүн жапониялык Юкако Каваи менен күч сынашат.

Айсулуу Тыныбекова менен Юкако Каваи буга чейин үч жолу беттешип, эки жолу Тыныбекова жеңишке жетсе, бир жолу Каваи уткан.

Токио Олимпиадасы 8-августта жыйынтыкталат. Буга чейин 10 кыргыз спортчу мелдештерин байгесиз жыйынтыктаса, эки спортчу байгелүү болду. Күмүш байгени грек-рим күрөшүнөн 77 килограмм салмакта Акжол Махмудов, коло байгени кыз-келиндер күрөшүнөн 68 килограмм салмакта Мээрим Жуманазарова алды.

Медал алган өлкөлөрдүн катарында Кыргызстан бир күмүш, бир коло байге менен 64-орунда бара жатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG