Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:27

Олимпиадада медал уткандар сыйланды (видео)


Токио-2020 Олимп оюндарында өлкө намысын коргогон спортчулар
Токио-2020 Олимп оюндарында өлкө намысын коргогон спортчулар

Бүгүн, 23-августта Токиодо өткөн Олимпиада оюндарында байгеге ээ болгон спортчуларды сыйлоо аземи өттү. "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында уюштурулган иш-чарага президент Садыр Жапаров катышты.

Токиодогу жайкы Олимпиадада грек-рим күрөшүнөн күмүш медал алган Акжол Махмудов II даражадагы “Манас” ордени менен 10 млн. сом, Toyota RAV4 автоунаасы менен сыйланды. Кыз-келиндер күрөшүнөн күмүш медал ээси Айсулуу Тыныбековага II даражадагы “Манас” ордени, 10 млн. сом жана Toyota RAV4 үлгүсүндөгү автоунаа берилди. Коло байге алган Мээрим Жуманазаровага III даражадагы "Манас" ордени жана 7 млн. сом, Toyota RAV4 үлгүсүндөгү автоунаа тапшырылды.

Мындан тышкары олимп оюндарына катышкан спортчулардын баарына жана машыктыруучуларга да акчалай сыйлыктарды тапшырган президент Садыр Жапаров спорттун күрөш түрүнөн тышкары жеңил жана оор атлетикага да маани берип, жандандыруу зарыл экенин белгиледи.

Кыргызстан Олимп оюндарында эки күмүш, бир коло медалга ээ болуп, Борбор Азия боюнча Өзбекстандан кийин экинчи орунду ээледи. Мамлекет алтын медал тагынгандарга 10 миллион сом, күмүшкө 7 миллион сом, коло үчүн 5 миллион сом сый акы убада кылган. (JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG