Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:16

Паралимпиада: кыргызстандык спортчулар 28-августтан тарта күч сынашат


Паралимпиадага катышуу үчүн Токиого келген Кыргызстандын курама командасы
Паралимпиадага катышуу үчүн Токиого келген Кыргызстандын курама командасы

Жапониянын Токио шаарында 24-августта башталган Паралимпиада оюндарында спорттун 22 түрү боюнча 4000дөн ашык спортчу 539 топтом медал үчүн таймашат.

Кыргызстандын желегин жеңил атлет Арстанбек Базаркулов көтөрүп чыгат. Бул мелдешке Базаркуловдон сырткары дзюдочу Хайитхон Хусан кызы да катышат. Алар 20-августта Токио шаарына келген.

Кыргыз улуттук Паралимпиадалык комитеттин башкы катчысы Саламат Бекбоевдун “Азаттык” радиосуна билдиргенине караганда, спортчуларды коштоп машыктыруучулар Алмазбек Абиров, Канат Имьянов, Кыргызстандын улуттук паралимпиада комитетинин президенти Бакыт Исаков жана ковид офицер, котормочу Кундуз Абирова Токиодо жүрүшөт.

Хайитхон Хусан кызы 28-августта дзюдо боюнча 57 килограмм салмакта күч сынашса, Арстанбек Базаркулов 4-5-сентябрда ядро ыргытуу жана найза ыргытуудан таймашка чыгат. Арстанбек Базаркулов быйыл экинчи жолу паралимпиадалык оюндарга катышууда. Ал буга чейин 2016-жылы Рио-де-Жанейродо өткөн Паралимпиада оюндарында ядро ыргытууда 9-орунду ээлеген. Ал быйыл май айында нормативди толтуруп, Паралимпиада оюндарына жолдомо алган.

Хайитхон Хусан кызы алгачкы жолу Паралимпиадага катышууда. Ал эл аралык Паралимпиада комитетинин квотасы менен дзюдо боюнча мелдештерге катышууга укук алган. Оюндар 5-сентябрга чейин уланат.

Паралимпиадага катышуучу спортчуларды коштоп барган делегациянын курамына дарыгерлер кирген эмес. (ECh, JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG