Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:10

Олимп оюндарына жолдомо алган спортчуларга 1500 доллар стипендия төлөнөт


Максим Гордеев.
Максим Гордеев.

Улуттук олимпиада комитети Парижге жана Бээжин олимп оюндарына жолдомо алган спортчуларга 1500 доллардан ай сайын стипендия төлөп берет. Азыр Бээжин кышкы олимпиадасына жолдомо алган Максим Гордеев олимпиадалык стипендия алып жатат. Мындай маалымат Улуттук олимпиада комитетинин башкы ассамблеясынын 10-декабрдагы жыйынында айтылды.

Анда Башкы ассамблеянын алкагында төрт жаңы федерация түзүлөрү белгилүү болду. Алар: шорт-трек (президенти Айваз Оморканов), текбол (президенти Чолпонбек Жумашүкүров), жиу-житсу (президенти Абдурахманхажи Муртазалиев) федерациялары жана Допингге каршы улуттук борбор.

Кыргызстандык лыжачы Максим Гордеев Кытайда өтө турган XXIV Кышкы Олимпиада оюндарына жолдомо алганын Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги декабрь айынын башында билдирген. Ага жолдомо лыжа спортунун слалом түрүнөн квота иретинде берилген.

Максим Гордеев 26 жашта. Лыжа боюнча Кыргызстандын чемпиону. Ал 2022-жылы Бээжин Олимпиадасына жолдомого ээ болгон кыргызстандык биринчи спортчу болуп калды.

XXIV Кышкы Олимп оюндары 4-20-февраль аралыгында өтөт. (GT)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG