Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:35

Каныбек Туманбаев президенттин иш башкаруучусу болуп дайындалды


Каныбек Туманбаев.
Каныбек Туманбаев.

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Тилек Батырканов президенттин иш башкаруучусу кызматынан бошотулду. Мамлекет башчынын басма сөз кызматы 30-майда кабарлагандай, бул кызматка Каныбек Туманбаев дайындалды.

Тилек Батырканов буга чейин "Азаттыкка" маек куруп, президенттик администрациянын жаңы имаратына алмашыла турган 16 гектар жер Бишкектин түштүк тарабындагы “Ынтымак” паркынын маңдайынан бериле турганы расмий ырастаган.

Каныбек Туманбаевдин аты Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшан Сабировдун уулуна таандык делип, Бишкектеги мектептерди курууга тендерсиз тандалып алынган “Экспресс-Строй КГ” компаниясы тууралуу талкуу жаралганда айтылган. Мындан сырткары Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгындагы ажылыктын акчасына байланыштуу окуяда ошол кездеги муфтий Максатбек Токтомушев жана Сабировдун жана Туманбаевдин байланышы тууралуу сөз болгон.

Бишкектеги “Блэк стар бургер” тамактануучу жайынын ачылышына Каныбек Туманбаев, Равшан Сабиров жана Максатбек Токтомушев катышып, лентасын кесишкен.(КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG