Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:03

Бишкекте атактуу скрипач Даниэл Лозаковичтин концерти өттү


Даниэл Лозакович.
Даниэл Лозакович.

10-июнда Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда дүйнөгө белгилүү швециялык скрипач Даниэл Лозаковичтин концерти өттү. Маданий иш-чара кыргыз-швед дипломатиялык мамилелеринин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата уюштурулган.

Лозакович чыгармаларын Кыргыз Республикасынын эл артисти Рахат Осмоналиев жетектеген Асанхан Жумакматов атындагы Кыргыз мамлекеттик академиялык-симфониялык оркестринин коштосунда аткарды.

Апасы кыргызстандык болгон Лозакович концерттин жүрүшүндө "Кыргызстан - өз үйүм" деп белгиледи.

Дүйнө элине бала чагынан таанылган Даниэл Лозакович 2001-жылы 1-апрелде Швециянын борбору Стокгольмдо төрөлгөн. Ал жети жашынан скрипкада ойной баштаган. Эки жылдан кийин Владимир Спиваков жетектеген “Москва виртуоздору” оркестринде солист катары дебют жасаган.

2012-жылы Карлсруэдеги музыкалык университетке тапшырып, профессор Иосиф Рысинден сабак алган. 2015-жылдын сентябрынан баштап анын устаты профессор Эдуард Вульфсон болгон. Лозакович Женевадагы Du Leman колледжин бүтүргөн.

Музыкант Вербье, Экс-ан-Прованс (Франция), Кран-Монтана (Швейцария), Бакудагы Мстислав Ростроповичтин фестивалында, Кольмар шаарындагы музыкалык фестивалы сыяктуу бир катар эл аралык музыкалык сынактарга катышып келет.
Камералык музыкант катары Эмануэл Акс, Иври Гитлис, Рено Капюсон, Мартин Фрёст, Дэниэл Хоуп жана башка артисттер менен иштешип келет.

9-июнда Даниэл Лозакович менен анын апасы Алена Лозаковичти президент Садыр Жапаров кабыл алып, белектерди ыйгарган. (MZh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG