Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:49

Бекешев президенттин иш башкармалыгынын акчасын иликтөөнү сунуштады


Дастан Бекешев.
Дастан Бекешев.

Жогорку Кеңештин 19-апрелдеги жыйынында депутат Дастан Бекешев президенттин иш башкармалыгынын чыгымына байланыштуу Эсептөө палатасынын төрагасы Алмазбек Акматовго кайрылды. Ал бул мекеме курулуш компанияга айланып калганын айтып, сатып алуулар текшерилиши керектигин билдирди.

"Бизде азыр чоң курулуш компания, чоң курулушчулар президенттин иш башкармалыгы болуп калды. Бизге маалымат бергилечи, алардын бюджети канча, курулуш материалдарды жана башка товарларды кайдан алып жатышат. Ошонун сапаттуулугун карап, текшергилечи. Менимче, алар алган кээ бир товарлар боюнча иш козголот. Сапатсыз салынып жатат. Азыр мен айтпай эле коеюн, бирок ал келечекте чыгат. Сизге өзүңүзгө керек болсо айтып берем. Көзөмөлдөөчү орган начар иштеп жатат. Көзөмөлдөөчү орган болсо - бул Эсептөө палатасы",- деди Бекешев.

Алмазбек Акматов жыйында депутат менен өзүнчө жолугуп, бул багытта иштер болорун убада кылды. Президенттин иш башкармалыгын текшерүү ар жылда жүргүзүлөрүн, быйыл дагы караларын билдирди.

Ушул жылдын башында "Спутник" маалымат агенттиги Баткенде куралдуу кагылышта кыйраган үйлөрдү салып жаткан "Аманат Строй Инвест" компаниясына президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаевдин тишеси тууралуу иликтөө жарыялаган. Туманбаев ал маалыматты четке каккан.

Президенттин иш башкармалыгы мамлекет башчынын, өкмөттүн жана Жогорку Кеңештин ишмердигин финансылык, материалдык-техникалык, транспорттук, социалдык-тиричилик, ден соолукту чыңдоо, эс алуу жана медициналык жактан камсыз кылат. Соңку конституциялык өзгөрүүдөн кийин иш башкармалыктын укуктары да кеңейтилген.

Азыркы жободо иш башкармалык "турак жайларды, социалдык-тиричилик жана өндүрүш багытындагы объектилерди, медициналык жана соода-мейманкана багытындагы административдик имараттарды, жайларды долбоорлоону жана курууну уюштурат" деп дагы жазылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG