Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:00

"КМШ экономикалык кыймылдаткыч боло албай калды"


Рафис Абазов
Рафис Абазов

13-октябрда Бишкекте Күнкорсуз мамлекеттер шериктештигине (КМШ) кирген өлкө лидерлеринин саммити өтөт. 32 жыл мурун түзүлгөн аймактык бирикме учурда өзгөрүүлөргө, тоскоолдуктарга дуушар болууда.

Улуттар Уюмунун Жибек Жолу жана академиялык өнүгүү программаларынын аткаруучу директору Рафис Абазовго "Азаттык" бир нече суроо узатты.

- Рафис мырза, КМШ аймактык бирикме катары кыйын кезеңди башынан өткөрүүдө. Бир бараандуу мүчөсү Орусия коңшусуна басып кирип, согуш ачты. Молдова уюмдан чыгуу жараянын баштаса, Армениянын премьери Бишкекке келген жок. Башында 12 эгемен мамлекет кирген бирикмеде азыр активдүү алты-жети өлкө калды. КМШнын саясий салмагы, таасири солгундады деген жүйө канчалык негиздүү?

- КМШ тууралуу сөз кылганда кеңири глобалдык алкакта караш керек. Анткени мына 20 жылдан бери дүйнөдө экономикалык кызматташтыктын, өнөктөштүктүн эффективдүүлүгүн арттыруу үчүн мамлекеттер аймактык кошуундарга биригүүдө.

Эркин экономикалык аймактар, эркин тарифтик аймактар аркылуу өлкөлөр блокторду түзүп, аймактык көйгөйлөрдү чогуу-чаран чечүүдө. Бул эми глобалдык түзүлүштүн ырааты. ХХ кылымдын этегинде бир катар илимпоздор геосаясатта мурдагы саясий үстөмдүк экономикалык үстөмдүкка алмашып жатканын белгилешкен.

Мамлекеттин кубаттуулугун, потенциалын, таасирин дал ошол экономикалык факторлор аныктайт. Жөнөкөй мисал – кичинекей Сингапур дүйнөдө өтө таасирдүү, жеринин чакан экенине карабай кубаттуу экономикасы бар.

Андыктан азыр дүйнөнү экономикалык кызыкчылык кыймылдатып жатканда, тескерисинче КМШга мүчө өлкөлөрдүн экономикалык кызыкчылыктары бири-бирине кайчы келип, кескин айырмаланат.

КМШ түзүлгөндө анын максаты – экономикалык проблемаларды чечүү эле. 1990-жылдары экономикалык, транспорттук, акча-валюталык байланыштар бузулуп, өз ара карым-катнаш үзүлгөн маал болгон. Бул Евразиядагы мамлекеттерге кедергисин тийгизип, анан алар аймактык өнөктөштүк менен кызматташтыктын жаңы инструментин – КМШны түзүшкөн.

Бирок уюм 30 жылда олуттуу өзгөрүүгө дуушар болду. КМШ азыр экономикалык чечимдерди, финансылык артыкчылыктарды сунуш кыла албагандыктан, ага кирген көп мүчөлөрдө “мындай ары кантип илгерилейбиз?” деген суроо турат. Азырынча бул суроого жооп табыла элек.

- КМШ – Москванын саясий-экономикалык инструменти катары түзүлгөн, ал ошол ролунан чыга алган жок деген пикирге кошуласызбы?

- КМШ бир гана мамлекеттин үстөмдүгүнүн куралы болгон деген көз карашка макул эмесмин. Мен башкача баа бермекин.

КМШ – бирикмеге кирген республикалар үчүн кайсы бир оюнчунун үстөмдүк кылуусун нейтралдаштырган, башкалардын да кызыкчылыгынын корголушун камсыздай турган инструмент болду.

Борбор Азияда, маселен, КМШ чөлкөмдөгү өлкөлөрдүн кызыкчылыктарын, каалоо-ниетин билдирген инструмент болгондуктан, алар өздөрү да бул бирикмени сактап калууга кызыкдар.

Ал эми Кавказдагы көйгөйдү алсак, кабыл алынган чечим башка бир өлкөгө кесепетин тийгизгендиктен, компромисс табылган эмес. Андыктан алар үчүн КМШнын маани-маңызы жоголду.

- Кавказ тууралуу айтып калдыңыз, КМШнын бир мүчөсү экинчисинин аймагына танк менен кирип барганын кантип актаса болот? 2008-жылкы Грузиядагы беш күндүк согуштан кийин орус-грузин мамилеси үзүлүп, Тбилиси уюм менен кош айтышкан эле.

- Албетте, бул маселенин саясий өңүтүнө барып такалат. КМШ – ар кандай кырдаалды баштан өткөрдү. Өткөн 30 жылда көкөлөгөн учуралары менен катар эле жарга такалып калган маалы да арбын болду. Мен жогоруда айткандай, дал ошол компромисс табылбай калганы, заманга шайкеш келген геоэкономикалык жана геосаясий кырдаал боюнча түшүнүктүн жоктугунан улам бир топ туура эмес чечимдер кабыл алынган.

Анткени бүгүн - XXI кылым. Дүйнөдө глобалдык башкарууну же глобалдык геоэономикалык башкарууну жөнгө салып турган мыйзамдардын, эл аралык нормалардын, укуктук актылардын комплекстери өкүм сүрөт.

Азыр ал инструменттер дагы катаалдашты. Улуттар Уюмунун постулаттарында айтылгандай, чек аралардын кол тийбестигине, мамлекеттердин эгемендигине жана аймактык бүтүндүгүнө келип такалган маселелерди дипломатиянын инструменттери аркылуу чечүү керек. Тилекке каршы, XXI кылымда айрым мамлекеттердин андай мыйзамдарды тоготпогону башка өлкөлөргө да жаман сабак болду.

- КМШдагы Борбор Азиянын ролун сурайын деп турам. Ушул тапта уюмдун ишенимдүү мүчөлөрү - Борбор Азиянын өлкөлөрү, анан Орусия-Беларус союзу гана болуп калды окшойт.

- Жалпы Борбор Азиянын, анын ичинде беш коңшунун аймагында болуп жаткан окуяларды анализдеп чыккандагы көз караш менен алганда – чоң державалар Борбор Азиянын өз кызыкчылыгы бардыгын, алар менен эсептешүү зарылдыгын, конфронтацияга барбоону түшүнүүсү абзел.

Тирешүү – буга чейинки көп мисалдар көрсөткөндөй жагдайды андан дагы оорлоштурат. Кремлдеги чечим чыгарган аткаминерлер Борбор Азияда тирештин жана күчкө салуунун ыкмалары майнапсыз экенин түшүнөт деп үмүттөнөм.

Бишкекте өтчү саммитте дагы Кыргызстандын жетекчилиги өзүнүн улуттук кызыкчылыктарын белгилеп, учурдагы көйгөйлөрдү чечүүнүн жолдорун сунуш кылат, калган катышуучулар ага кулак салат деп күтөбүз.

Көптөгөн аналитиктер КМШны Москванын таасирин арттыруу үчүн инструмент деп келсе, мен тескерисинче, Борбор Азия өлкөлөрү КМШны өз үнүн дүйнөгө жеткирүү үчүн колдонуп жатканын белгилегим келет.

Мына Бишкекте дагы ошондой мүмкүнчүлүк түзүлдү. Борбор Азия - бир дагы өлкөнүн үстөмдүгү жок аймак. Маселен, Казакстандан, Өзбекстандан, соңку учурда Бишкектен дагы көп векторлуу саясат тууралуу байма-бай угабыз.

Борбор Азиянын өлкөлөрү бир гана багытты карманбайт, алар үчүн коңшулары, анын ичинде түндүктөгү Орусия менен менен тарыхый, маданий, эбактан берки экономикалык алакаларды сактап калуу маанилүү экенин белгилешет.

Борбор Азиянын дагы бир кызыктуу өнөктөшү - Кытай. Дагы бир бараандуу өнөктөшү – Евробиримдик. Чөлкөмдөгү көптөгөн дипломаттар, анын ичинде Бишкектеги дипломаттар эки жана көп тараптуу алакалар – кайсы бир өлкөгө же өлкөлөрдүн тобуна каршы эмес, тескерисинче регионалдык жана глобалдык көйгөйлөрдү чечүүнүн өбөлгөсү болушу керектигин белгилешет.

Дүйнөдө көйгөйлөр толтура: климаттын өзгөрүүсү, суу тартыштыгы, булганган аба, айлана-чөйрөнү коргоо, кургакчылык, азык-түлүк жетишсиздиги, товар ташуудагы логистикалык чынжырдын бузулганы, финансылык проблемалар турат. Булардын баарын биз чогуу-чаран чечүүбүз керек.

Эгемендүү Кыргызстандын дүйнөдөгү орду кандай?
please wait

No media source currently available

0:00 0:34:50 0:00

  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG