Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:44

Газа: Ооруканадагы калабага ким жооптуу?


Газадагы ооруканада болгон жардыруудан жабыркаган аялды көтөрүп бараткан жергиликтүү тургун. 17-октябрь, 2023-жыл.
Газадагы ооруканада болгон жардыруудан жабыркаган аялды көтөрүп бараткан жергиликтүү тургун. 17-октябрь, 2023-жыл.

Газанын Ал-Ахли ооруканасындагы 17-октябрдын кечинде болгон кандуу калабада жүздөгөн кишинин өмүрү кыйылганын аймактын саламаттык сактоо мекемеси билдирди. Израил армиясы бул окуяга тиешеси жок экенин жарыялап, жардырууну "Ислам жихады" радикал тобунан көрдү. Эл аралык коомчулук кандуу каргашаны айыптоодо. Кыргызстан гуманитардык укук бузууларды тезинен иликтөөгө чакырды.

Эл аралык медиа тараткан видеодо Газанын Ал-Ахли ал-Араби ооруканасынын алдында жарылууда күйүп кеткен автоунаалар жана туш тарапка чачылган буюм-тайымдар көрүнөт.

Оорукананын догдурлары ал жерде 3000дей киши баш калкалап турганын, эч кандай эскертүү берилбей эле будуң-чаң түшүп калганын айтышты. "Саат кечки алты жарымдарда эч кандай эскертүүсүз эле оорукана аткылоого кабылды. Эмне болгонун билбей калдык. Ким болсо да, балдарды бутага алганын гана аңдадык", - деди оорукананын дарыгери Мухаммед ал-Нака.

Газанын саламаттык сактоо министрлиги ооруканада 471 киши набыт болгонун билдиргени менен, аны башка булактардан тактоо мүмкүн эмес.

Эл аралык коомчулуктун кооптонуусу

Газанын ооруканасындагы калабага дүйнө өлкөлөрү терең тынчсыздануусун билдирүүдө. Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гуттериш Бээжинде бир катар лидерлер катышкан "Бир алкак, бир жол" форумунда сүйлөгөндө Газада кырдаал кылдын кырында турганын эскертти.

"Газанын Ал-Ахли ооруканасында жүздөгөн кишинин өмүрү кыйылганына кабыргам кайышып турат. Элдин башына түшкөн азап-тозокту азайтуу үчүн ок атышууну тезинен токтотууга чакырам. Көп кишинин жашоосу түгөндү, аймактын тагдыры кылдын учунда" - деди баш катчы Гутерриш лидерлерге кайрылып.

Европа кеңешинин жетекчиси Шарль Мишель кандуу калабаны эл аралык укуктун бузулушу деп сыпаттады.

Франциянын президенти Эммануэл Макрон Газа секторунда гуманитардык коридорду "токтоосуз" ачып, каргашанын чоо-жайын ачык айтууга чакырды.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги көп адам өмүрүн кыйган Ал-Ахли ооруканасындагы жарылууну айыптаарын билдирди. Расмий Бишкек эл аралык гуманитардык укук бузууну ар тараптан иликтөөгө чакырды.


18-октябрда жарыяланган билдирүүдө Кыргызстан жаатташкан тараптарды жай тургундардын өлүмүнө жана зомбулукка жол бербөөгө, согуштук аракеттерди токтотуп, тынчтыкты орнотуу үчүн сүйлөшүүнү тезинен баштоого үндөгөн.

Ооруканадагы карагашадан өмүрү кыйылгандардын сөөктөрүн чогултуп жатышат.
Ооруканадагы карагашадан өмүрү кыйылгандардын сөөктөрүн чогултуп жатышат.

Шаршембиде АКШнын президенти Жо Байден Тел-Авивге келип түштү. Америкалык лидер Израил менен ХАМАС радикал тобунун согушу андан ары Жакынкы Чыгышка жайылып кетүүсүнө жол бербөө үчүн дипломатиялык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө келди.

Байден Тел-Авивде премьер-министр Биньямин Нетаньяху менен жолукканда Газанын ооруканасындагы каргаша боюнча Изралдин версиясын колдоп, жардырууну «башка топ ишке ашыргандай» көрүнөрүн белгиледи.

Байден ХАМАСтын соңку кандуу чабуулун 2001-жылдын 11-сентябрындагы теракттарга салыштырып, дүйнөнү Израилдин өзүн коргоо укугун таанып, ХАМАСКа каршы биригүүгө чакырды.

Ошондой эле Газадагы калкка гуманитардык жардам жеткирүү жолдору да талкууланды. АКШ ага финансылык колдоо көрсөтсө, Египет жүктү жеткирүүгө "туруктуу" канал ачылганын жарыялады.

Байден Газа тилкесине жана Батыш жээкке 100 миллион доллар гуманитардык жардам убада кылды.

«Бул Газадагы жаңжалдын айынан үй-жайын таштап кеткен миллиондон ашуун кишиге жана аймактагы өтө зарыл керектөөлөр үчүн берилет», - деди америкалык лидер Тел-Авивде сүйлөгөндө.

Ага чейин америкалык CBS News телеканалы Израил ХАМАС кол салгандан кийин Вашингтондон 10 миллиард доллар чукул жардам сураганын кабарлаган.

Ооруканадагы жардыруунун изи

АКШнын чалгын маалыматтары Газадагы оорукана тартылган аэрофото сүрөттөр жана ХАМАСтын согушкерлеринин өз ара сүйлөшкөндөрүн тыңшагандан кийинки маалыматтар жардырууга Израилдин тиешеси жок деген бүтүмгө түртөрүн Ак үй шаршембиде билдирди.

Израил армиясынын өкүлү шаршембидеги маалымат жыйында Газадагы согушкерлер аткан ракеталардын мээлеген жагына жетпей калганы дагы арбын экенин айтты.

"Согуш башталганы 450дөй ракета атылбай калып, Газанын аймагына эле кулады", - деди жөөт армиясынын өкүлү.

ЦАХАЛ асмандан тартып алган видеодо Ал-Ахлиге чукул жердеги мүрзөдөн атылган ракета «учпай калып» оорукананын короосуна тушүп жарылганы аныкталган.

ЦАХАЛ ошол маалда жерден, деңизден же абадан сокку урган эмес.

Мындай жүйөгө карабастан араб өлкөлөрүнүн көбү жардыруу үчүн ЦАХАЛды айыпташты.

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Газада "мурда-кийин болбогон зордук-зомбулукту токтотуу үчүн адамзатты бардык чараны көрүүгө чакырам" - деди.

Египет, Иордания, Сауд Аравиясы, Марокко, Бахрейн жана Бириккен Араб Эмирликтери "Израилдин чабуулун" кескин айыпташты.

Газадагы бул кандуу окуядан кийин Иорданияда өтө турган төрт тараптуу саммит болбой калды. Палестин автономиясынын башчысы Махмуд Аббас ага катышуудан баш тартты. Саммитте Иорданиянын падышасы Абдалла II жана Египеттин президенти Абдел-Фаттах ас-Сиси, АКШнын лидери Жо Байден жолукмак.

Газанын ооруканасындагы жүздөгөн кишинин өмүрүн кыйган калабадан кийин дүйнөнүн бир топ жеринде демонстрациялар өттү.

Ливандагы Газанын тургундарына колдоо көрсөткөн демонстрация.
Ливандагы Газанын тургундарына колдоо көрсөткөн демонстрация.

Иорданияда, Египетте, Түркияда, Тунисте, Сирияда, Ливанда жана башка мусулман өлкөлөрүндө Израилдин жана АКШнын элчиликтеринин жанында эл көп чогулуп, нааразылык акциялары башталды.

Стамбулда миңдеген киши Израилдин консулдугунун жанындагы аянтка топтолуп, айрымдары имараттын ичине кирип барууга аракеттенди. Полиция аларга көздөн жаш агызган газ чачып кубалады.

Ливандын баш калаасы Бейрутта эч кимге ээ-жаа бербегендер АКШнын элчилигин курчоого алууга аракеттенгенде полиция күч колдонууга мажбур болду.

Берлинде палестиндерге колдоосун билдирип чогулган жүздөгөн демонстрант Бранденбург дарбазасынын жанындагы митингде полиция менен кагылышты.

Батыш өлкөлөрү "террордук кыймыл" деп тааныган ХАМАС Израилге 7-октябрда кол салып, 1400дөй карапайым тургундун өмүрү кыйылган. Миңдеген киши жараат алган. 200гө чукул адам барымтага түшкөнү маалым болгон. Алардын канчасы чет өлкөлүктөр экени беймаалым.

ХАМАСтын чабуулунан кийин жөөт армиясы - ЦАХАЛ Газа тилкесине абадан сокку ура баштаган. Газанын Саламаттык сактоо министрлиги өлгөндөр 3000ге, жарадарлар 10 миңге чамалаганын кабарлады. Миллиондон ашуун киши аймакты таштап качууга мажбур болду.

Эл аралык коомчулук Газада гуманитардык апааттын алдын алуу жана жаңжалдын андан ары жайылуусуна жол бербөө аракеттерин көрүүдө.

  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG