Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:33

Газа: Израил армиясы соккуну күчөттү, Аалымдар кеңешинин айыптоосу


Газадагы согуштан жабыркагандар.
Газадагы согуштан жабыркагандар.

Израил армиясы Газа шаарын толук курчоого алды, тилкенин түндүк жана түштүгү иш жүзүндө экиге бөлүнүп калды. АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Жакынкы Чыгышка барып, Газада ак атууну убактылуу токтотуп, карапайым калктын коопсуздугун камсыздоого үндөдү.

Палестин автономиясынын жетекчиси Махмуд Аббас Газа тилкеси үчүн анын администрациясы жоопкерчилик алууга даяр экенин айтып, бир катар шарттарды койду. Ал ортодо Кыргызстандын муфтияты "жихад деген ниетте Палестинага баруу шарыят эрежелерине сыйбасын" эскертти.

Израил армиясы Газа тилкесин түндүк жана түштүккө бөлгөндөн кийин ЦАХАЛдын күчтөрү ээлеген аймакта дүйшөмбүдө байланыш кайра үзүлдү. Жөөт армиясы 24 саатта Газа шаарына толук кирерин израил медиасы кабарлады. Израил армиясы аймактын түндүк тарабында жана Газа шаарында жашагандар үчүн "коридор" калтырганын жарыялады.

Дүйшөмбүдө ЦАХАЛ жарыялаган видеодо жөөт күчтөрү ХАМАСка тиешелүү жайлар делген жерлерге сокку уруп жатканы көрүнөт. ЦАХАЛ соңку 24 саатта Газада хамасчылардын 450 жайы талкаланганын билдирди. Жөөт армиясы 30 аскери окко учканын жарыялады.

Газанын саламаттык сактоо мекемеси аба соккуларынан ондогон киши набыт болгонун билдирди. Согуш башталганы 10 миңге чукул палестиндин өмүрү кыйылды. Бул маалыматты башка булактардан ырастоо мүмкүн эмес.

ХАМАСтын согушкерлеринин бир ай мурун Израилге жасаган кандуу чабуулдарында 1400 киши өлүп, 240тай адам барымтага алынган.

Улуттар Уюмунун Палестин качкындары боюнча агенттиги куралдуу кармаштарда 88 кызматкеринен айрылганын, дүйнөлүк уюм буга чейин бир жаңжалда мынчалык жоготууга учурабаганын белгиледи.

Блинкендин Жакынкы Чыгыш сапары

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен өткөн жума күнү Тель-Авивге келип түштү. Америкалык башкы дипломат ишембиде Амманда Катардын, Сауд Арабиясынын, Египеттин, Иорданиянын жана Бириккен Араб Эмираттарынын тышкы иштер министрлери менен кездешти. Араб дүйнөсүнүн өкүлдөрү Вашингтонду Израилди ок атышууну токтотууга көндүрүүгө чакырышты.

"Газадагы жаңжал күчөп, бул жердеби же аймактын башка жагындабы жайылып кетпеши үчүн биз болгон аракетти көрүп жатабыз. Бул Американын дипломатиясынын өтө маанилүү жана чукул жасай турган иши," - деди Блинкен жекшембиде Багдад шаарында туруп.

Ага чейин Вашингтондун жогорку даражалуу өкүлү Батыш Жээкке барып, Рамаллада Палестин автономиясынын лидери Maхмуд Аббас менен жолукту. Эл аралык медиа кабарлагандай, Аббас Палестин улуттук администрациясы жалпы саясий чечимдин алкагында Газа тилкеси үчүн жоопкерчиликти алууга даяр экенин билдирди. ХАМАС менен Израилдин согушу аяктагандан кийин Аббас белгилегендей, саясий чечим Иордан дарыясынын Батыш жээгин, Иерусалимдин чыгышын жана Газа тилкесин камтышы керек.

Reuters агенттиги Аббас менен Блинкендин жыйыны бир саатка созулганын, андан кийин медиага маалымат берилбегенин кабарлады. Агенттик жазгандай, мамлекеттик катчы ХАМАС тыптыйпыл болгондон кийин Газа тилкесин ким башкарат деген маселени көтөргөн.

Блинкен журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, Газанын келечеги тууралуу талкууларда "палестиндердин ой-пикири, үнү жана умтулуусу көңүл борборунда" турушу керектигин белгиледи.

6-ноябрда Анкарада Блинкен Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фидан менен жолукту. Буга чейин Түркия барымтадагыларды бошотуу үчүн ХАМАС менен сүйлөшүү жүргүзүп жатканы кабарланган.

Жекшембиде Адана шаарына чукул жердеги Инжирликтеги АКШнын авиабазасына нааразы болгондор кирип барууга аракеттенди. Түрк медиасы жазгандай, жаалданган топ америкалык базаны жабууну талап кылды.

Кыргызстан: Аалымдар кеңешинин айыптоосу

Кыргызстандын Аалымдар кеңеши Израил Газага согуш ачканы карапайым палестин эли азап чегип жатканын белгилеп, жөөт армиясынын аракеттерин "адамзатка каршы кылмыш" деп айыптады.

Аалымдар кеңешинин мүчөлөрү. Муфтият тараткан сүрөт.
Аалымдар кеңешинин мүчөлөрү. Муфтият тараткан сүрөт.

"Бул бир гана палестиналыктардын эмес, бүт дүйнөдөгү мусулмандардын кайгысы болууда. Болуп жаткан согуштун ырайымсыздыгын дүйнө эли айыптап, тезирээк токтотууну талап кылууда. Кыргызстан географиялык жактан алыс жайгашканыбызга байланыштуу моралдык жана материалдык жардам берүүнү туура деп чечтик", - деп айтылат билдирүүдө.

Муфтият Газадагы согуш башталганы соцтармактарда ар кандай чакырыктар жайылып жатканын, аалымдар аларды иликтеп чыкканын белгилейт. "Эмоциялык сезимдерге алдырып, жеке же кандайдыр бир уюшкан топтор менен бирге жихад деген ниетте Палестинага баруу шарияттык эрежелерге сыйбайт деп эсептейбиз",- деп жазылган маалыматта.

Газа: Бишкекте согушту токтотууга чакырган акция дагы өттү
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:25 0:00


Өткөн аптада Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) жарандарга кайрылып, Газа тилкесиндеги жаңжалга байланыштуу жихад жарыялоо өңдүү чагымчыл билдирүүлөрдү таратпоого чакырган.

Башка мамлекеттин аймагындагы куралдуу кагылышка катышып, террордук даярдыктан өткөндөргө мыйзам чегинде жаза каралганын эскерткен.

Октябрда Бишкекте палестиндерди колдогон эки акциялар өткөн. Чогулгандар аларга жардам берүү үчүн атайын эсеп ачуу демилгесин көтөргөн.

Анын алдында Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Газа тилкесинде кармаш курчуп кеткенине тынчсыздануусун билдирип, эки тарапты ынтымакка чакырган.

  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG