Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:48

Газа: Аш-Шифадагы азаптуу күн


ЦАХАЛдын аскерлери Аш-Шифа ооруканасында.
ЦАХАЛдын аскерлери Аш-Шифа ооруканасында.

Израил армиясы Газадагы Аш-Шифа ооруканасында ХАМАСтын (АКШ жана Еврошаркет террордук уюм деп тааныган) согушкерлерине каршы операция жүргүзүүдө. Миңдеген киши турган ооруканада абал адам чыдагыс экени кабарланды.

Израил армиясы ХАМАС радикал тобун Газа тилкесиндеги эң чоң медициналык комплексте командалык борборун жашырган, анын алдындагы туннелдерде барымтадагыларды кармаган деп айыптады. Радикал топ менен оорукананын жамааты аны четке каккан.

Улуттар Уюмунун эсебинде Аш-Шифада миңдеген киши – бейтаптар, медициналык кызматкерлер, аргасыз баш калкалагандар турат.

Шаршембиде эл аралык маалымат агенттиктери Аш-Шифа ооруканасынын бөлүмдөрүндө дарыгерлер ары-бери чуркап, бейтаптарды сактап калуунун аргасын көрүп жаткан видеолорду жарыялады.

"Бул эмне деген азап болду. Чаңдан, түтүндөн тумчуккан жарадар бейтаптарды эптеп эвакуация кылып жатабыз", - деди энтиккен медиктердин бири керебетте жаткан бирөөнү сүйрөп баратып.

Хирург Ахмед эл-Мохаллалат элдин баары оорукананын имараттарында камалып турганын, кырдаал өтө коркунучтуу экенин "Рейтер" агенттигине телефондон айтып берди.

"Бомбалап жатат. Оорукананын ичинде жана тегерегинде аткылоо болууда. Мунун баары жакын эле жерде болуп жатканы жүрөктү түшүрөт. Танктар оорукананы айланып ары-бери жүргөнүн түшүндүк", - деди телефондон сүйлөгөн дарыгер.

Al Jazeera телеканалынын кабарчысы Аш-Шифанын короосунда израилдик танктар турганын, аскерлер оорукананын бир имаратына киришкенин ошол жерден айтып берди. Ага чейин Би-Би-Си ушундай эле маалыматты жергиликтүү тургундун айтканына таянып тараткан.

Израил армиясы Аш-Шифада операция өткөрүүдө
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:11 0:00


Израил анклавдагы эң чоң медициналык комплекстин алдында ХАМАС радикал тобунун командалык башкаруу борбору, барымтадагыларды кармоо үчүн туннелдер жайгашканын билдирген.

Жөөт армиясынын өкүлдөрү Аш-Шифадагы хамасчыларга каршы "так жана таамай" операция жүрүп жатканын жарыялап, алардын танктары ара төрөлгөн балдарга инкубаторлорду, дары-дармек, тамак-аш жеткиргенин маалымдады. "Израил карапайым калк менен эмес, ХАМАС менен согушууда",- деди ЦАХАЛдын өкүлү Даниел Хагари.

"Чалгын маалыматтарына таянып, оперативдик зарылдыктан улам ЦАХАЛдын күчтөрү Шифа ооруканасынын белгилүү бир аймагында так жана таамай операция жүргүзүүдө. Газа тилкесинде ЦАХАЛ жердеги операцияларын ХАМАСты жок кылып, барымтадагыларды бошотуу үчүн жүргүзүп жатабыз", - деди Хагари.

ЦАХАЛ согуш башталгандан бери ооруканада баш калкалаган миңдеген кишиге, бейтаптарга, медиктер жамаатына чыгып кетүүнү эскерткенин, ал үчүн атайын жол берилгенин билдирген. Бирок аны оорукананын жамааты жана баш калкалап тургандар четке каккан.

Газа: Аш-Шифа ооруканасында абал оор
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:48 0:00


Маалыматка караганда, ушул тапта Аш-Шифада 650дөй бейтап жана аргасыз жер которгон беш миңден ашуун киши баш калкалап турат.

Бир айдан ашуун согуш жүрүп жаткан палестин анклавында гуманитардык кырдаал өтө курч. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Аш-Шифада өлгөндөр көп экенин, анын ичинде инкубатордо жаткан ара төрөлгөн балдар күйүүчү май түгөнгөндө чарчап калганын билдирди.

Уюмдун өкүлү Маргарет Харрис ооруканада соңку 48 саатта 20 өлүм катталганын белгиледи.

"Анткени кырдаал дагы кыйын жагына кетиши ыктымал. Тамак-аш тартыш, медиктер эптеп таза суу алып келип жатышат. Суу куюлган резервуарлар талкаланган. Дарыгерлер алар араң жаткан бейтаптарга жардам көрсөтүү үчүн колдон келгендин баарын жасоодо", - деди Харрис.

Курчоодо калган медициналык комплексте адам чыдагыс абал түзүлгөнүн, операциялар анестезиясыз жасалганын, суу, тамак тартыш экенин, үй-бүлөлөр коридорлордо корголоп турганын, короодогу сөөктөр жыттанып кеткенин күбөлөр эл аралык маалымат агенттиктерине маалымдашкан. Шейшембиде ооруканынын дарыгери Аш-Шифада 200 кишинин сөөгүн комплекстин аймагында жерге жашырууга аргасыз болушканын айтып берген.

ХАМАС радикал тобу көзөмөлдөгөн Газа тилкесинин администрациясы согушта 11 миңден ашуун киши набыт болгонун, алардын 8 миңдейи балдар менен аялдар экенин, жараат алгандар 30 миңге чукулдаганын маалымдады. Бул сандарды көз карандысыз булактардан бышыктоо мүмкүн эмес.

7-октябрда ХАМАСтын жоочулары Израилге кол салганда 1200 кишини өлтүрүп, 200дөн ашуун адамды Газанын аймагына барымтага алып кеткен. Ошондон бери туткундардын жакындары алардын амандыгын тилеп, Израилден, дүйнөлүк коомчулуктан барымтадагыларды бошотууга жардам сурап жатат.

  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG