Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:46

Сот көз карандысыз “Клооп” медиасын жапты


Kloop порталынын кеңсеси.
Kloop порталынын кеңсеси.

Бишкектин Октябрь райондук соту көз карандысыз “Kloop Media” порталын жабуу тууралуу чечим чыгарды.

Соттун бул чечими эл аралык жана жергиликтүү уюмдар Кыргызстанда сөз эркиндиги кысымга кабылып жатканы боюнча байма-бай билдирүүлөрдү жасап, бийлик аны четке каккан учурга туш келди. “Kloop Media” райондук соттун токтомуна каршы шаардык сотко арызданарын, ишин башка платформаларда уланта берерин билдирди.

Райондук соттун чечими

Бишкектин Октябрь райондук сотунда “Kloop Media” порталын жабуу боюнча шаардык прокуратуранын арызына байланыштуу чечим чыгары алдын ала эле айтылып жаткан. Күтүлгөндөй эле 9-февралдагы соттук отурум кечки тогуз жарымдарга чейин созулуп, ишти караган судья Тимурлан Карабеков “Kloop Media” коомдук фондун жоюу жөнүндө чечим чыгарды.

“Көрсөтүлгөн уставынан тышкары иш алып барганы үчүн “Kloop Media” коомдук фондун жоюу тууралуу Бишкек шаардык прокуратурасынын арызы канааттандырылсын. Коомдук фондду жоюу иши Октябрь райондук салык кызматынын башкы инспектору Аттокурова Чынара Жапаровнага жүктөлсүн”.

“Клооп” басылмасы Юстиция министрлигинен “Kloop Media” коомдук фонду деп катталган. Портал райондук соттун чечимине каршы Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз берерин билдирди. Бул үчүн 30 күн бар. Ал эми “Клооптун” башкы редактору Анна Капушенко Фейсбуктагы баракчасына “ушундай эле чечим чыгары белгилүү болгонун, портал башка платформаларда ишин уланта берерин” жазды. “Клооп” басылмасынын адвокаты Акмат Алагушев болсо мындай деди:

“Сот биз берген көптөгөн жүйөлүү өтүнүчтөрүбүздү канааттандырган жок. Ал өтүнүчтөр колдоо тапса ишти ар тараптуу, акыйкат тергегенге жардам бермек. Бирок ал ишке ашкан жок. Биз эми мунун баарын апелляциялык арызда көрсөтөбүз. Кандай гана материал болбосун ага илимий негизди экспертиза жүргүзүлүшү керек. Силер бул жолку отурумда корутунду берген эксперттер көп суроолорго жооп бере албай койгонун көрдүңөр да. Экспертизанын корутундусунда эч кандай далил жок. Бул оз уучунан гана жүргүзүлгөн”.

Kloop порталынын иши боюнча соттук отурум. 9-февраль, 2024-жыл.
Kloop порталынын иши боюнча соттук отурум. 9-февраль, 2024-жыл.

Эксперттер эмне дейт?

Экспертиза демекчи, 9-февралда сотто Республикалык психиатрия борборунун адистери “Kloop Media” порталынын материалдары боюнча берген бүтүмдөрү тууралуу суроолорго жооп беришти. Республикалык психиатрия борборунун дарыгери, эксперт Жанна Караева адвокаттын жана соттун суроолоруна жооп берип жатып, Kloop порталынын макалалары боюнча бир канча адис биригип, корутунду чыгарганын, жөн гана жеке тажрыйбасына таянганын айтты.

“Каалайсыңбы каалабайсыңбы жалпыга маалымдоо каражаттары адамдардын оюна, анын ичинде алардын дүйнөгө болгон көз карашына да таасир этет. Силер жарыялаган маалыматтарды окуп кандай ойлор келет? Бизде кимдер бирөө “Клооптун” макаласын окуп, психикалык жактан ооруп калды деген статистика жок. Бирок мага депрессияга түшүп калган адамдар келет. Алар менен баарлашканда өлкөдө башаламандык болуп жатканын айтышат. Муну кайдан алдыңыз десең анын ичинде жалпыга маалымдоо каражаттарын айтышат”.

Бишкек шаардык прокуратурасы “Kлооптун” сайтын жабуу боюнча сотко кайрылганы былтыр 28-августта белгилүү болгон. Шаардын прокурору Эмилбек Абдыманаповдун арызында Kloop басылмасы “азыркы бийликтин жүргүзгөн саясатын кескин сындап, мамлекеттик, муниципалдык ишканалардын өкүлдөрүнүн кадыр-баркын кетирүүнү көздөгөн терс мүнөздөгү маалыматтарды көп жарыялай турганы” жазылган.

Көзөмөл органы катында “Kloop Media” уставында көрсөтүлгөндөн сырткары ишмердик кылып, “сайтында жана социалдык тармактарда жарыялаган материалдары азыркы бийликтин жүргүзүп жаткан саясатын кескин сындоого багытталган” деп билдирген. Доо арызында Кыргызстандагы бир катар көйгөйлөрдүн себеби катары “Клооп” басылмасын көрсөткөн.

9-февралдагы сотто психологиялык эксперт Вероника Терехова да көрсөтмө берди:

Акмат Алагушев: Жалпыга маалымдоо каражатты бийликти катуу сындаса бул туура элеби?

Вероника Терехова: Жок. Бул жакшы эмес.

Акмат Алагушев: Демек, ЖМК бийликти сындабаш керек?

Вероника Терехова: Сындабаш керек. Мен ар бир светтик өлкөдө бийликке сын болбошу керек деп эсептейм.

Акмат Алагушев: Бул жерде светтик дегендин эмне тиешеси бар?

Вероника Терехова: Кандайча эмнеге? Биз светтик өлкөдө жашайбыз да.

Акмат Алагушев: Ооба, бирок эмне үчүн светтик дегенди мисал кылып жатасыз? Эмне үчүн укуктук өлкө эмес?

Вероника Терехова: Мен бийликке сын айтылбашы керек деп эсептейм.

“Kloop Media” порталын жабуу тууралуу чечим Кыргызстанда сөз эркиндиги тууралуу талкуу күн тартибинде турган учурда чыкты. Көз карандысыз медиаларда иштеген 11 адамдын эки айга камалышына байланышуу эл аралык жана жергиликтүү уюмдар бийликти өлкөдө сөз эркиндигине басымды токтотууга чакырып жатат.

Президент Садыр Жапаров бул окуя боюнча бир нече жолу комментарий берип, камакка алынган журналисттер тууралуу алар “сөз эркиндиги” деген терминге жамынып алып биздин менталитетибизге, салтыбызга, табиятыбызга туура келбеген үгүт иштерин жүргүзүп, элди бузуп жатышат” деп айткан. Мамлекет башчы акыркы маектеринде Кыргызстанда сөз эркиндиги бар экенин кайталаган.

“Kloop Media” порталынын ишмердиги

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги былтыр сентябрь айында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) арызынын негизинде “Клооптун” сайтындагы “Саясатчы Равшан Жээнбеков СИЗО-1де кыйноого кабылганын билдирди” деген жаңылыкты жалган деген негизде өчүрүүнү талап кылган.

8-сентябрда мекеме маалыматты сайттан алып салуу чечимин “Клоопко” тапшырган жана “Клооптун” юристтери бул чечимди жокко чыгаруу үчүн арыз берген. 11-сентябрда Маданият министрлигинин комиссиясы бул арызды канааттандырган эмес.

Министрлик өткөн жылдын 9-октябрында Kloop.kg сайтынын орусча тилиндеги версиясын бөгөттөгөн. Кийин кыргыз тилиндеги версиясын да жапкан.

Асел Сооронбаева
Асел Сооронбаева

“Kloop” Кыргызстанда журналисттик мектеби бар, анда бир топ журналисттерди таптап чыккан бирден-бир басылма. Ал дүйнөлүк тренддерди өздөштүрүп, журналистиканын эл аралык стандарты менен материалдарды даярдайт. Акыркы сот иштери басылма бийликке ыңгайсыз болгону үчүн гана болуп жатат деп ойлойм. Себеби, “Клоопко” мындай басым бир нече жылдан бери эле уюштурулуп келе жатат. Кеңсесинин алдында ар кандай митингдер өткөрүлүп, социалдык тармактарда каралоолор уюштурулду. Кыргызстанда “Клоопту” жапканы менен деле башка өлкөдө ишмердигин уланта берет”, - деди медиа серепчи, журналист Асел Сооронбаева.

“Клооп” 2007-жылдан бери иштейт, чуулгандуу бир катар иликтөөлөрү үчүн эл аралык сыйлыктарга татыган. “Клооп” — Кыргызстандагы эң маанилүү окуялар тууралуу бейтарап жазган көз карандысыз басылма. “Клооптун” кабарлары күн сайын кыргыз жана орус тилдеринде жарыяланат. Айрым материалдары англис тилинде да чыгат. Басылманы “Kloop Media” эл аралык фонддорунун тобу башкарат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG