Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:08

Кыргызстан ипотекалык батир куруу үчүн Ислам өнүктүрүү банкынан 79 млн доллар алат


Кыргызстанда курулуп жаткан үйлөрдүн бири. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстанда курулуп жаткан үйлөрдүн бири. Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети 26-февралдагы жыйынында Экономика жана коммерция министрлиги менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы макулдашуунун долбоорун карады.

Шариат стандарттары боюнча жеткиликтүү турак жайды каржылоо боюнча макулдашууга 15-февралда кол коюлган.

Документ жөнүндө баяндама жасаган экономика жана коммерция министринин орун басары Санжар Болотов Кыргызстанда ипотекалык турак жай куруу үчүн Ислам ѳнүктүрүү банкынан 79 млн АКШ доллар насыя аларын билдирди. Насыянын мөөнөтү 25 жыл, анын ичинде 7 жыл жеңилдетилген мөөнөт болуп саналат. Жылдык пайыздык чен 1,5% деп эсептелет.

Болотов бул каражат Мамлекеттик ипотекалык компаниянын (МИК) алкагында үйлөрдү курууга жумшаларын, Ислам ѳнүктүрүү банкынын шарттарына ылайык ипотекалык турак жайлар жылына 6-10% үстөк пайыз менен калкка берилерин кошумчалады.

Депутаттар Кубанычбек Самаков, Нуржигит Кадырбеков, Чыңгыз Айдарбеков Ислам ѳнүктүрүү банкынан алынып жаткан насыянын үстөк пайызы да, кайра аны калкка берүүнүн үстөк пайызы да көп экенин сынга алышты. Алар ислам жана шариат стандарттарында үстөк пайыздар каралбаганын белгилеп, же аны пайыздарды жоюуну же макулдашуунун аталышын өзгөртүүнү сунушташты.

Мунун алдында Мамлекеттик ипотекалык компания (МИК) президент койгон тапшырманын негизинде келерки эки-үч жылда Кыргызстандын аймактарында 13 857 батир курарын жар салган. Ал мамлекеттик казынадан жана чет элдик уюмдардан алынган каражаттардын эсебинен салынат.

Президент Садыр Жапаров Мамлекеттик ипотекалык компаниянын линиясы аркылуу азыр кезекте турган 13 миң адамдын баары келерки эки жылда насыялык шартта үй менен толук камсыз болорун былтыр 28-ноябрда Бишкекте жаштар форумунда сүйлөп жатып билдирген.

Мамлекет башчы быйыл 30-январда Фейсбуктагы баракчасына да аталган тема жөнүндө пост жазып, жарандарды социалдык батирлер менен камсыз кылуу жөнүндө жарлыкка кол койгонун кабарлаган. Анда мындан ары батир алууну каалаган бардык жарандар үчүн анын жарым баасын алдын ала төлөп үй алууга шарт түзүлөрү айтылган.

Жапаровдун айтымында, батирдин жарым баасын төлөгөн жаран эки жыл ичинде үйлүү болот жана калган баасын 10-15 жылда төлөөгө мүмкүнчүлүк алат. Бул чечимди аткаруу Мамлекеттик ипотека компаниясына (МИК) жүктөлгөн.

Президент социалдык батирлер Кыргызстандагы 40 район борборунда, 32 кичи шаарда, 7 облус борборунда курула баштай турганын жазып, азыр салынып жаткан объектилердин тизмесин жарыялаган.

Мамлекеттик ипотекалык компания 2015-жылы өкмөттүн демилгеси менен элдин турак жай алуу мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу максатында түзүлгөн. Соңку маалыматтарга ылайык, соңку жылдары эки миңдей киши мамлекеттен жеңилдетилген шартта ипотекага үй алды. Турак-жайга муктаж дагы миңдеген киши кезекте турат. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG