Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:48

Кенге берилген лицензияны эки жылга чейин башкага өткөрүүгө болбойт


Кыргызстандагы кен казган компаниялардын биринин жумушчусу. Архив сүрөт.
Кыргызстандагы кен казган компаниялардын биринин жумушчусу. Архив сүрөт.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги жер казынасы үчүн берилген лицензияларды башкаларга өткөрүү “Жер казынасы жөнүндө” мыйзамы менен ишке ашырыларын эскертет.

Мекеменин сайтындагы маалыматта лицензияларды башкаларга мыйзамсыз өткөрүүгө бөгөт коюу үчүн эскертүү таратылып жатканы айтылат. “Жер казынасы жөнүндөгү” мыйзамга ылайык, лицензиялык макулдашуу түзүлгөн күндөн тартып эки жылга чейин лицензияны башкаларга өткөрүп берүү мүмкүн эмес.

Лицензияны башка бирөөгө өткөрүп берүүдө ага ээ болгон тарап салык мыйзамдарында каралган бардык төлөмдөрдү кайрадан төлөйт. Мурдагы ээсинин дагы лицензия боюнча бардык мамлекеттик төлөмдөрдөн карызы болбошу керек.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги жер казынасы боюнча мыйзамдарды так сактоого чакырат.

Февраль айындагы маалыматка ылайык, Кыргызстанда өткөн жылы геология тармагына 192 лицензия берилди. Анын ичинен мамлекеттик ишканаларга 45 лицензия берилген.

Жалпы кен казууда 2023-жылы 56,1 млрд сом пайда түшүп, мурдагы жылга салыштырмалуу (2022-жылы 56,1 млрд сом) 19,5 % өскөн. Тоо-кен ишканаларынан салык катары 2023-жылы 33,07 млрд сом (2022-жылы 31,5 млрд сом) төлөндү.

Кыргызстанда кен тармагында коррупция күч экени айтылып келет. Лицензиялар колдон-колго өткөн фактылар болгон. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG