Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:15

Улуттук филармонияда заманбап балет труппасы түзүлөт


Кыргызстанда биринчи жолу 40 бийчиден турган заманбап балет труппасы түзүлөт. Бул тууралуу 2-апрелде Бишкектеги маалымат жыйында айтылды.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди. Классикалык балет жана заманбап бий элементтерин камтыган труппага 18 жаштан 25 жашка чейинки улан-кыздар тандоо менен кабыл алынат.

Кастинг 2024-жылы 3-4-апрель күндөрү Чолпонбек Базарбаев атындагы Бишкек хореографиялык окуу жайында өтөт. Катышуучуларга советтик жана орусиялык хореограф, “Тодес” эл аралык балетинин негиздөөчүсү жана көркөм жетекчиси Алла Духова, жергиликтүү хореографтар калыстык кылат.

Жаңы түзүлгөн балет труппасы Токтогул Сатылаганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясынын штатына кабыл алынып, Кыргызстандагы алгачкы заманбап балет труппасы болуп калат. Кастингге башка өлкө жарандары да катышса болот. (MZh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG