Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:04

Харьков Орусиянын чабуулуна туруштук бере алабы?


Харьков шаары. 4-апрель 2024-жыл
Харьков шаары. 4-апрель 2024-жыл

Бейшембиге караган түнү орус аскерлери Харьковго кайрадан дрон менен чабуул койгондо төрт киши каза тапты. Бийлик бир нече убакыттан бери бутага алынып келаткан Украинанын экинчи ири шаарын эвакуациялоо азырынча күн тартибинде турбаганын маалымдады.

Жергиликтүү бийлик биринчи сокку урулгандан кийин жарадар болгондорго жардам берүүгө жана өрт өчүрүүгө келген куткаруу кызматынын үч айдоочусу мерт кеткенин билдирди. Шаар мэри Игорь Терехов төртүнчү киши турак жайдын тургуну экенин айтты.

“Шахед” дрондору көп кабатуу үйлөргө, жер тамдарга тийип, медициналык жай жана айланадагы машиналар зыян тартты.

Облус губернатору Олег Синегубов 12 киши жараланганын, орус аскерлери кеминде 15 дронду учурганын телеграм-каналына жазды.

Харьков шаары. 4-апрель, 2024-жыл
Харьков шаары. 4-апрель, 2024-жыл

Ал эми украин армиясынын Башкы штабы түн ичинде 20 пилотсуз учактын 11и атып түшүрүлгөнүн маалымдады.

Орусиянын Коргоо министрлиги түнкү чабуулду комментарийлеген жок. Далилдерге карабай, Москва Украинанын жарандык инфраструктурасын, жөн-жай кишилерди бутага алганын танып келет.

Орусиянын пропагандасы акыркы маалда Харьковду көп талкуулап келатат. Өткөн жумада Мамлекеттик думанын депутаты Андрей Луговой калааны "жашоого жараксыз кылууну" сунуш кылды:

“Ал жерде калган 800 миң тургун машиналары менен, жөө, түйүнчөктөрүн көтөрүп, арабаларга отуруп алып, батыш тарапка жөнөсүн. Калган шаарларды, Киевди да ошондой кылуу керек”.

Мэр Терехов аткылоолорго жана электр энергиясынын үзүл-кесил берилгенине карабай, калаада 1,3 миллион киши турганын билдирди. Бийлик жана аскерлер Харьковду эвакуациялоонун азырынча зарылдыгы жоктугун айтышат.

Тереховдун айтымында, тургундарды көчүрүү тууралуу имиштерди орус тарап калктын “жүрөгүнүн үшүн алуу үчүн” атайын жайылтууда. Мэр эч кандай дүрбөлөң түшкөн маанай жок экенин кошумчалады.

Харьков шаары соккудан кийин. 27-март 2024-жыл
Харьков шаары соккудан кийин. 27-март 2024-жыл

“Верстка” басылмасы аты аталбаган жогорку аткаминерге шилтеме менен жазгандай, орус бийлиги Харьковду “экинчи Мариуполго” айландыргысы келбейт, шаарды сактап калууну максат кылат. Алардын айтымында, калааны курчоого алуу керек, бул үчүн Кремль дагы 300 миң кишини мобилизациялоону пландап жатат.

“Медуза” өз булактарынын эки ача маалыматтарын келтирди. Кээ бирлери Харьковго масштабдуу чабуул коюу чечими кабыл алынып-алынбаганын айтышса, башкалары Путин бул шаарды алгандан кийин "атайын аскердик операция" деп аталган согушту бара-бара токтотууну көздөгөнүн белгилешет.

Өткөн жылы германиялык «Билд» гезити орус армиясы 2026-жылдын аягына чейин Запорожье, Днепропетровск жана Харьков облустарынын ири бөлүктөрүн, анын ичинен Харьков, Днепр жана Запорожье шаарларын басып алып, Днепр дарыясына чейин жетүү максатын койгонун жазган.

Жакында украин президенти Владимир Зеленский да жаз-жай айларында орус армиясы жаңы чабуул коюуну пландап жатышы мүмкүн деп эскертти. Ал ошондой эле Орусия 1-июнга чейин 300 миң кишини мобилизациялоону көздөгөнүн айтты. Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков бул билдирүүнү "калп" деп четке какты.

АКШда жайгашкан «Согушту изилдөө институтунун» эксперттери да Москва жаңы масштабдуу чабуулга камданып жатат деп болжолдошот. Алар ошондой эле Орусия акыркы мезгилде украин күчтөрүнүн позицияларына чабуулдарын күчөткөнүн билдиришти. Мисал катары аналитиктер Кременнаяга, Авдеевканын жанындагы Тоненькое айылына коюлган чабуулдарды келтиришет жана Орусия Киев Батыштан аскердик жардам алгыча ийгиликке жетүүнү, жолдорду эриген кардын суусу каптай электе бронетехниканы пайдаланууну көздөгөнүн айтышат.

Михаил Самусь
Михаил Самусь

Украиналык аскердик эксперт Михаил Самусь “Настоящее время” телеканалы менен болгон маекте Путин Харьковду алууну көздөп жатат деген маалыматтардын реалдуулукка байланышы жок деген оюн айтты:

"Бул маалыматтык-психологиялык операция коркуу, башаламандык маанайын түзүүнү максат кылат. Украиналыктар өз күчүнө ишенбей калсын дешет. Ушундай эле операция эки-үч жума мурун Сумы облусунда да жүргөн. Бул эки аймактын айланасындагы кырдаалга жакындан байкоо салган украин чалгынчылары орустардын Харьковду алмак турсун, чек арага жакындоо үчүн жетиштүү аскерлери жок экенин айтышат".

Орус аскерлери кошуна өлкөнүн экинчи ири шаарына дээрлик күн сайын сокку уруп жатат. Алар негизинен энергетикалык объектилерди керектен чыгарууну көздөөдө.

Бейшембиде дрондор Змиев жылуулук станциясына да тийгени кабарланып, Энергетика министрлиги 350 миңдей жашоочу электр жарыгысыз калганын билдирди. Харьковго электр жарыгы график менен берилүүдө.

Электр энергиясы өчүрүлгөн кезде да калаадагы жашоо кадимкидей уланат. Дүкөн, кафе, башка коомдук жайлар былтыр эле автономдуу генераторлорду даярдап алышкан. 22-мартта метро жана автобустар токтоп калып, көп узабай калыбына келтирилген.

Самусь маалымат операциясы калайыктын күнүмдүк жашоосуна эң чоң таасир эткен объектилерге соккулар менен коштолгонун, мындайда адамдар психологиялык туруктуулугун жоготорун белгилейт.

Орус аскерлери Харьковду согуштун башында, 2022-жылдын февраль-март айларында алууга аракеттенишкен. Кийинчерээк орус аскерлери мамлекеттик чек арадан ары чегинген.

Терехов калааны калыбына келтирүүгө 10 млрд доллардан ашуун каражат керектигин билдирди.

Украин куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы бейшемби күнкү бюллетенинде бир суткада Авдеевкага жана Донецкиге жакын жерде орус армиясы ондогон чабуул койгонун билдирди.

Ок-дары, курал-жаракка, өнөктөштөрдүн аскердик жардамына муктаж болуп жаткан Украина орус аскерлеринин алга жылуусун токототуу үчүн коргонуу чептерин куруу аракетин улантууда. Өкмөт бул максатта быйыл 509 миллион доллар бөлгөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG