Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:26

Украина: Фронтто кырдаал курчуду


Украин Куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы Александр Сырский жана башка кол башчылар.
Украин Куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы Александр Сырский жана башка кол башчылар.

Украинанын чыгышындагы фронтто акыркы күндөрү кырдаал катуу курчуду. Бул тууралуу ишембиде украин куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы Александр Сырский Телеграм каналына жазды.

Анын сөзүнө караганда, март айындагы Орусиянын президентин шайлоодон соң орус аскерлери чабуулду күчөттү. Ал шайлоодо Владимир Путин бешинчи ирет 87% ашуун добуш менен шайланды.

Сырскийдин маалыматына ылайык, орус аскерлери Лиман жана Бахмут багытында бронетехниканын жардамы менен чабуул коюуда, Покровскиде алар ондогон танк жана бронетехниканын колдоосунда украиндердин коргонуусун жарып өтүүгө аракет кылып жатат.

"Оор жоготууларга карабай, орус аскерлери кээде ийгиликтерге жетишип атат", - деп жазды Сырский.

Украин жана Орусиянын Телеграм каналдарында, маалымат каражаттарында жарыяланган билдирүүлөргө ылайык, акыркы күндөрү орус аскерлери активдүү чабуулун Часов Яр аймагына жасоодо. Бул Бахмуттун жана Авдеевканын батышындагы украиндер үчүн эң маанилүү аймак.

Украиндердин DeepState каналы орус аскерлери аталган аймак менен коңшу турган Богдановка айылын басып алганын билдирди. Украинанын Коргоо министрлиги ишембиде эртең менен Богдановкада "айыгышкан салгылаш" жүрүп жатканын кабарлаган. DeepState украин аскерлери чегинип баратат делген тасмасын жарыялаган. Согуш учурунда маалыматтарды жеринен тактоо мүмкүн эмес.

Орус армиясынын жарандык инфратүзүмдөргө жасаган чабуулунан ишембиде Донецк облусунда 3 киши мерт кетти, дагы 4 адам жараат алды. Авиачабуул Покровск районундагы Нетайлово жана Новоселидовка кыштактарына жасалды, Очеретино шаарчасында көп кабаттуу үй талкаланганы кабарланды. Бул айылдар орус армиясы чабуулун күчөтүп жаткан Авдеевканын батышында жайгашкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG