Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:00

Министр Ниязбековдун кармалган журналисттер боюнча маеги ЖКда сынга алынды


Улан Ниязбеков.
Улан Ниязбеков.

Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев 11 журналисттин кармалышы жана аларга козголгон кылмыш иши боюнча ички иштер министри Улан Ниязбековдун маек берип, алардын иши боюнча баа бергенин айыптады. Бул тууралуу ал 17-апрелде парламентте отчет берип жаткан башкы прокурор Курманкул Зулушевге кайрылды:

“Ички иштер министри “алар мындай кылды, тигиндей кылды” деп баа берип отурат. Ошондой эле вице-премьер-министр (ред.: - Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары) чыгып “аларды профилактикалык иш үчүн кармап койсок эч нерсе болбойт” деп атат. Прокурор катары түшүндүрүп койсоңуз, алар антип сүйлөбөй турсун. Себеби жетекчи болуп туруп анын айткан сөздөрү тергөөгө басым болуп калат”, - деди Масалиев.

Курманкул Зулушев министр Ниязбековдун маеги тууралуу кабары жок экенин айтып, аны окуп чыккан соң ошого жараша реакция болорун билдирди.

Ички иштер министри 11 журналисттин кармалышы жана аларга коюлган айыптар тууралуу 11-апрелде “Кабар” агенттигине маек куруп, бул иште саясий себеп жок экенин айтып, кармалган журналисттерди “жалган маалымат таратып, элди дүрбөтүп жатат” деп айыптаган. Алардын көбүнүн “журналисттик билими жок экенин” айткан.

16-январда Ички иштер министрлиги (ИИМ) “Темиров LIVE” медиасынын мурдагы жана азыркы 11 кызматкеринин үйүндө тинтүү жүргүзүп, өздөрүн кармап кеткен.

Кийин Temirov Live редакциясынын кызматкери Акыл Орозбеков үй камагына, ал эми Жумабек Турдалиев эч жакка кетпөө тилкаты менен абактан чыккан. “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкери Сапарбек Акунбеков ден соолугуна байланыштуу үй камагына бошотулган.

9-апрелде Бишкектин Биринчи Май райондук соту журналисттер Жоодар Бузумовдун, Тыныстан Асыпбековдун, Максат Тажибек уулунун жана Сайпидин Султаналиевдин бөгөт чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгарган.

Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренеси менен камакка алынган 11 журналисттин төртөө – Temirov Live жана “Айт айт десе” долбоорунун жетекчиси Махабат Тажибек кызы, “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкери Азамат Ишенбеков, “Алга Медианы” иштетип жаткан Актилек Капаров жана Temirov Live редакциясынын кызматкери, журналист Айке Бейшекеева камакта калган.

Ички иштер министрлиги “Айт, айт десе” жана Temirov Live баракчаларындагы жапырт башаламандыктарга чакырык жасаган материалдарга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренесинин үчүнчү бөлүгү (“Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар”) менен иш козголгонун билдирген.

Журналисттер коюлган айыпты четке кагып жатышат. Бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар бийликти эркин журналисттерди бошотууга чакырып келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG