Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:52

Прокуратура Ататүрк паркына тиешелүү маселенин мыйзамдуулугун карап чыгат


Бишкек шаарындагы "Ататүрк" паркы.
Бишкек шаарындагы "Ататүрк" паркы.

Бишкектеги Ататүрк паркынын чегин аныктап, мурдагы калыбына келтирүү боюнча мэр Айбек Жунушалиев пикирин билдирди, кабыл алынган чечимдердин мыйзамдуулугун прокуратура карап чыгат.

Бул тууралуу баш прокурор Курманкул Зулушев Жогорку Кеңеште айтты. Анын айтымында, Ататүрк паркынын айланасындагы иште сот аркылуу чечилчү көп жагдай бар.

"Ататүрк сейил багы боюнча Бишкек мэри оюн гана билдирди, кат келгенде биз мыйзамдуулугун карап чыгабыз. Бул жерде сот аркылуу каралчу көптөгөн жагдайлар бар. Бишкек мэри оюн билдирди, калганын иш-аракетинен көрөбүз", - деди Зулушев.

Мэр Айбек Жунушалиев 16-апрелде Ататүрк паркынан жеке жактарга жер берүү боюнча мэрияны буга чейинки 124 токтому жокко чыгарылганын билдирген. Ушул тапта сейил бакта мыйзамсыз курулган 198 объект бар деп эсептелген.

Шаар башкармалыгы "Ататүрк" паркын баштапкы калыбына келтирүү үчүн паркка таандык 43 гектар жерди кайтарууну көздөөдө. Ага ылайык, Бишкек шаардык мамлекеттик администрациясынын 1992-жыл, 25-июндагы №225 “СССРдин 50 жылдыгы “сейил багынын аймактарын сейил бактардын жана эс алуу зоналарынын шаардык бирикмесине утурумдук күтүү жана көрктөндүрүү үчүн пайдаланууга берүү жөнүндө” токтому менен бекитилген. Мэр аянты 107 гектарды түзгөн сейил бактын чек араларын бекитүү боюнча токтомго кол койгон.

Кыргызстанда мурдагы Достук, учурдагы Ататүрк паркынын бир бөлүгү жер тилке катары сатылып кетиши соңку 20 жылдан бери талкууланып келе жаткан маселе. Шаардын борборундагы бак-дарактуу бул тилкелер негизинен мурдагы жана учурдагы чоң кызматты ээлеген адамдарга таратылган.

Kloop.kg менен OCCRP уюмунун журналисттери 2000-жылдан 2008-жылга чейин Ататүрк паркынын аймагы азайып, жер тилкеси кантип жеке колдорго өтүп кеткенин иликтешкен. Ачыкка чыккан маалыматтарга караганда, мурдагы мэрлер Медетбек Керимкулов, Данияр Үсөнов, Арстанбек Ногоев жана Нариман Түлеевдин тушунда эки жүзгө жакын адам жер тилкесин алышкан.

“Арча демилгелери” коомдук фонду Бишкекте 2014-2021-жылдар аралыгында 479 гектар жашыл аймак жоголгонун аныктаган. Адистер буга суунун жетишсиздиги, бак-дарактардын каралбай калганынан тышкары мыйзамсыз курулуштар да себеп болгонун айтышат. Бул беш жүз гектарга жакын жашыл аймактын ичинде Ататүрк сейил багынын 43 гектары да бар.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG