Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:39

17-апрель: Оманда сел 18 кишинин өмүрүн алды, Дубайда аэропорт жабылды


Дубайдын көчөсү, 17-апрель, 2024-жыл
Дубайдын көчөсү, 17-апрель, 2024-жыл

17-апрелде Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.

  • USAID уюмунун жетекчиси Саманта Пауэр “чет элдик өкүл” мыйзамына тынчсыздануусун билдирди

Саманта Пауэр Вашингтондо Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен жолукканда "Чет элдик өкүл" мыйзамына байланыштуу тынчсыздануусун билдирди. Агенттиктин сайтындагы маалыматка ылайык Пауэр АКШ өкмөтү Кыргызстанда жакында кабыл алынган "Чет элдик өкүл" мыйзамы жана учурда кароодо турган "ЖМК тууралуу" мыйзам долбоору сыяктуу мыйзамдар Кыргызстандын билим берүү, саламаттык сактоо, башкаруу жана ЖМК тармактарындагы негизги өнөктөштөрүнүн өлкөдөн чыгып кетишин же каржылоосун кескин кыскартуусун шарттарын, бул өз кезегинде өлкөнүн өнүгүүсүнө кедергисин тийгизерин белгиледи. Ал демократиялык институттар, жоопкерчиликтүү башкаруу, коррупцияга каршы күрөштөгү жылыштар, глобалдык инвестиция үчүн жоопкерчилик маанилүү экенин баса белгиледи. Министрлер кабинетинин сайтына жарыяланган маалыматта Вашингтондогу жолугушууда Кыргызстанда жарандык коомду, сөз эркиндигинин өнүгүүсүн чектеген мыйзамдар тууралуу кабатырлануу тууралуу сөз жок.

  • Прокуратура Ататүрк паркына тиешелүү маселенин мыйзамдуулугун карап чыгат

Баш прокурор Курманкул Зулушев Бишкектеги Ататүрк паркынын чегин аныктап, мурдагы калыбына келтирүү боюнча мэр Айбек Жунушалиев пикирин айтканын, эми чечимдердин мыйзамдуулугун прокуратура карап чыгарын билдирди. Зулушев Ататүрк паркынын айланасындагы иште сот аркылуу чечилчү көп жагдай бардыгын белгиледи. Мэр Жунушалиев 16-апрелде Ататүрк паркынан жеке жактарга жер берүү боюнча мэрияны буга чейинки 124 токтому жокко чыгарылганын билдирген. Ушул тапта сейил бакта мыйзамсыз курулган 198 объект бар деп эсептелген. Шаар башкармалыгы Ататүрк паркын баштапкы калыбына келтирүү үчүн паркка таандык 43 гектар жерди кайтарууну көздөөдө.

  • Жалал-Абад облусунда чек арадан адам жана товарды мыйзамсыз ташууга ылайыкталган өтмөк табылды

5-апрелде Ош облустук милициясынын кызматкерлери чек арачылар менен чогуу кыргыз-өзбек чек арасындагы "Достук" өткөрүү бекетинен Өзбекстандын жараны - 40 жаштагы Х.Б. аттуу аял кишини кармашкан. Бул иш боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 378-беренеси ("Чек араны мыйзамсыз кесип өтүү") менен кылмыш иши козголгон. Иликтөө учурунда ал Кыргызстанга чек арадагы жашыруун туннел аркылуу өткөнү, ал туннелден адамдар жана товарлар мыйзамсыз түрдө ташылып турганы аныкталган. 12-апрелде Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун тургуну - 29 жаштагы К. Х. Өзбекстандын жарандарын жашыруун туннел аркылуу чек арадан өткөрүп турган деп шектелип кармалган. 20-21-мартта Сузак районунун Бек-Абад айылында Өзбекстандын аймагына өтүү үчүн жер астында казылган эки туннел табылган.

  • Оманда сел 18 кишинин өмүрүн алды, БАЭде нөшөрдөн кийин абал оорлоду

Оман өлкөсүндө соңку эки күндө нөшөр жаандан кийин сел каптаган аймактарда кеминде 18 кишинин өмүрү кыйылганын, алардын 10у окуучу балдар экенин France-Presse агенттиги (AFP) билдирди. Окуучу балдар отурган автобусту ташкын агызып кеткен. Өкмөт катуу шамал, чагылган жана мөндүр жааган аба ырайы 18-апрелге чейин уланарын кабарлады. Ал эми Бириккен Араб Эмираттарында (БАЭ) да эки күндөн бери мурда болуп көрбөгөндөй нөшөр жаан жаап жатат. Дубайга коно турган учактар башка шаарларга жөнөтүлдү, аэропорттун учуу-конуу тилкесин суу каптаган видеолор социалдык тармактарда жарыяланууда. Мектептер жана мамлекеттик органдар аралыктан иштеп жатат. Жергиликтүү тургундарга зарылчылык болбосо көчөгө чыкпай коё туруу керектиги эскертилди.

  • Орусиянын Курган облусунда да суу ташкын коркунучу күчөдү

Курган облусунда Тобол суусу бир суткада дагы 17-апрелдин таңына карата 865 сантиметрге жетти. Бул кооптуу чектен 15 сантиметрге жогору экени белгиленди. Облус аймагында өзгөчө кырдаал жарыяланып, айрым аба каттамдары токтотулду. Тюмен облусунда Ишим суусунун деңгээли 8 метрден ашып, кооптуу чекке жеткенин, андыктан эвакуация зарыл экенин облустук администрация 16-апрелде эскерткен. Орусиянын Казакстан менен чектеш түштүк аймактарында, Оренбург облусунун Орск шаарынан башталган сел Кемерово жана Томск облустарына жеткен. Күн жылып, кар эрий баштагандыктан, Урал жана Тобол дарыяларында суу ташкындап жатат. Он миндеген киши эвакуация болду.

  • АКШ - Иран: Жаңы санкция салуу планы

Вашингтон жакынкы арада Иранга Израилге кол салганы үчүн жаңы санкция жарыялашы ыктымал экенин 16-апрелде АКШнын каржы министри Жанет Йеллен эскертти. Анын айтымында, жаңы санкциялар Ирандын мунайды экспорттоо мүмкүнчүлүгүн кыскартууга багытталат. Йеллен Иранга каршы жаңы санкция боюнча чечим «жакынкы күндөрү» кабыл алынарына үмүттөнөрүн айтты жана Кошмо Штаттар Ирандын мунай сатуу мүмкүнчүлүгүн чектөө боюнча чараларды буга чейин да көрүп келгенин кошумчалады. 14-апрелге караган түнү Иран Израилге каршы жапырт чабуул жасаган.

  • БУУ Газага жардам үчүн 2,8 млрд доллар зарылдыгын жарыялады

БУУнун палестин территорияларындагы гуманитардык маселелерди координациялоо боюнча башкармалыгынын башчысы Андреа Де Доменико билдиргендей согуштун айынан өтө оор кырдаал түзүлүп, ачарчылык тооруган Газанын тургундарына азыркы тапта азык-түлүк талап кылынгандан тышкары санитардык шарт жана медицина мекемелеринин абалы да кооптонууну жаратууда. Абалды эч болбогондо минималдык стандартка жакындатуу, калыбына келтирүү үчүн көп аракет талап кылынып жатканы, бул ишти согуш шартында жүргүзүү оор экени белгиленди.

  • Польша башпаанек сураган тажик активистти депортациялады

36 жаштагы тажикстандык Фаррух Икромов– президент Эмомали Рахмондун 2023-жылы Германияга сапарына каршы акцияга катышкандардын бири. Рахмон Берлинге келгенде бир топ тажик качкындары нааразылык акциясын өткөрүп, анда президенттин кортежине жумуртка ыргытылган. Икромов 2016-жылы жубайы жана балдары менен Тажикстандан чыгып кеткенден кийин Польшада жашап жүргөн. Анын адвокаты 15-апрелде активист Дүйшөмбүгө депортация болгонун айтты. Ал Икромов өз мекенинде кыйноого кабылып, узак мөөнөткө абакка камалышы мүмкүн деген кооптонуусун билдирди. Варшава бул боюнча комментарий бере элек.

  • Грузияда «чет өлкөлүк агент» мыйзамына каршы акцияда дагы 11 киши кармалды

Грузияда жалпысынан полиция кармап кеткендер эки күндө 25 кишиге жетти. Өлкөнүн ички иштер министрлиги билдиргендей, 16-апрелде кармалган 11 киши полиция кызматкерлерине «күч менен каршылык көрсөтүп, таш, бөтөлкө ыргытышкан» деп шектелүүдө, бул күнү бир күч кызматкери жараат алып, ооруканага түштү. 15-апрелде 14 киши кармалган. Girchi-Meti Tavisupleba партиясынын лидери Зураб Жапаридзе 17-апрелге караган түнү Тбилисиде парламент алдында өткөн акцияда кармалгандар сабалганын билдирди. Акциянын катышуучулары айткандай полиция чогулгандарга, анын арасында журналисттерге эскертүүсүз ашкере күч колдонду.

"Азаттыктын" бул жана башка жаңылыктарын Telegram жана WhatsApp платформаларынан да окуп туруңуз.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG