Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:58

20 өлкө Украинага 500 миң снаряд сатып берет


Петр Фиала.
Петр Фиала.

Чехиянын биргелешип Украинага кошумча курал-жарак сатып берүү демилгесине 20 өлкө кошулганын, 500 миң артиллериялык снарядга жете турган каражат чогулуп калганын чех премьер-министри Петр Фиала билдирди.

16-апрелде Вашингтондо Хадсон институтунда сүйлөп жатып ал Чехиянын бул демилгеси дагы кеңейерине, бир жолку өнөктүк эмес, узак мөөнөттүү стратегия болоруна, Украинанын дагы 1 миллион снаряд сатып алуусуна жете тургандай каражат чогуларына ишенерин айтты.

Фиала чогултулган сумманы тактаган жок, бирок Чехиянын Украинаны калыбына келтирүү маселеси боюнча комиссары Томас Копечнынын айтымында, болжол менен 3 миллиард доллар топтолду.

Чех премьери Европа өлкөлөрү коопсуздукка өтө көнүп калгандыктан өзүн коргоого тийиштүү көңүл бурбай калганын, бирок 2022-жылы Орусия Украинага кол салгандан кийинки жагдай кырдаалды өзгөрткөнүн белгилеп, «Батыштагы өлкөлөрдүн көбү акча чыгарууга даяр. Эми Европа бир гана «жумшак күч» жетишсиз экенин жана «өктөм күчкө» өтүү зарылдыгын түшүнүп калганын кошумчалады.

Украина Орусиянын толук масштабдуу согушуна кабылган алгачкы жылы Батыштагы өнөктөштөрүнөн курал-жарак жагынан жардам алып, күрөшүн жүргүзгөн. Бирок былтыртан бери андай жардам дээрлик токтогон. Украин бийлигинин өлкөнүн аба мейкиндигин Орусиянын чабуулдарынан коргоп берүү өтүнүчү да колдоо таппай келет.

Президент Владимир Зеленский бүгүн 17-апрелде Чернигов облусунда ондон ашуун адамдын өмүрүн алган кезектеги чабуулдан кийин да "Украинада абадан коргонуу системасы жана дүйнөнүн орусиялык террорго каршы чечкиндүүлүгү жетиштүү деңгээлде болсо азыркыдай абал жаралбайт эле", - деди. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG