Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:29

Абактагы орус оппозиционери Владимир Кара-Мурза Москвага которулары айтылды


Владимир Кара-Мурза.
Владимир Кара-Мурза.

Орусиянын Жогорку соту камакта отурган оппозиционер саясатчы Владимир Кара-Мурзанын өкүмүнө каршы кассациялык даттанууну кароону белгисиз мөөнөткө калтырганын 17-апрелде соттун басма сөз кызматына таянып ТАСС агенттиги билдирди.

Reuters агенттиги Кара-Мурзанын адвокаты Мария Эйсмонтко таянып Жогорку сот саясатчыны соттук угууга катыштыруу үчүн Омск облусундагы абактан Москвага которуу тууралуу чечим чыгарганын маалымдады. Видеобайланыш аркылуу катышууга иштин материалдарында мамлекеттик купуя сыр бар экендиги тоскоолдук жаратары белгиленди.

Мамлекетке чыккынчылык, армия тууралуу фейк жана «туура эмес» уюмда иштеген деген айыптар коюлган саясатчы жаза мөөнөтүн Омск шаарындагы абакта өтөөдө.

Владимир Кара-Мурзага каршы кылмыш иши 2022-жылдын апрель айында козголгон. Анын АКШда Аризона штатында Өкүлдөр палатасынын мүчөлөрү алдында сүйлөп жатып «орусиялык аскерлер Украинада жай тургундар жашаган жерлерди, төрөт үйлөрүн, ооруканаларды жана мектептерди бомбалоодо» деген мазмундагы сөзү Орусияда «саясий жек көрүүчүлүктүн айынан орус армиясы тууралуу фейк маалымат таратуу» деп бааланган. Кийин ага башка да айыптар тагылган. 2023-жылдын 17-апрелде саясатчы катаал тартиптеги колонияга 25 жылга кесилген. Өзү тагылган айыптардын баарын эч негизсиз деп атап келет.

2008-жылы Орусия президенти Владимир Путин "Крым талаштуу аймак эмес. Орусия Украинанын азыркы чек арасын тааныйт", - деп айткан. Ал эми 2014-жылы Крымды аннексиялап алган.

2022-жылы Украинага аймактык доо артып, толук масштабдуу согуш ачкан. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG