Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:24

Парламентте “Кофе и точка” жайындагы кумар оюндары боюнча маселе көтөрүлдү


“Кофе и точканын” Бишкектеги филиалдарынын бири.
“Кофе и точканын” Бишкектеги филиалдарынын бири.

Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов парламенттин 18-апрелдеги жыйынында Бишкекте “Кофе и точка” деген ат менен иштеп жаткан кумарканалар боюнча маселе көтөрдү. Ал тамактануу жайынын атын жамынып, кумар оюндары ойнотулган жайларга акчасын уттургандар көп экенин айтты.

“Кофе и точка” деген казино иштеп жатыптыр. Ага акчасын уттургандар өтө көп. Укук коргоо органдары текшерип жаап атат деген менен иштеп эле атат. Үйүн да уттуруп жибергендер бар экен. Ушул жайды кимдер иштетет, аты-жөнүн тактап, ушул жерден угушубуз керек болуп калды”, - деди ал.

“Азаттык” 12-апрелде “Бишкектеги кофеканага жамынган кумар оюндары” деп аталган иликтөө жарыялаган.

Анда жарым жылдан бери Бишкекте бир нече “Кофе и точка” деген жай иштеп жатканы, сыртынан кофеканалардын бириндей көрүнгөнү менен ичинде кумар оюндары ойнотула турганы аныкталган. Иликтөөдө кумарканага автоунаасын, акчасын уттурган адамдар тууралуу сөз болот.

Алардын бири “Азаттыкка” кайрылып, “Кофе и точка” түйүндөрүнүн иши боюнча маалымат берген. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG