Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:54

Равшан Жээнбеков абакта басым болуп жатканын билдирди


Равшан Жээнбеков. Архив.
Равшан Жээнбеков. Архив.

Кемпир-Абад ишине байланыштуу айыпталып, Бишкектеги №1 тергөө абагында жаткан оппозициялык саясатчы Равшан Жээнбеков ага жана ушул эле иш боюнча шек саналып жаткан саясатчы Азимбек Бекназаровго психологиялык басым болуп жатканын билдирди.

Анын Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда тартылган видео кайрылуусу 18-апрелде Фейсбуктагы баракчасына жарыяланды.

“Бул бийликтин, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин, Ички иштер министрлигинин, Жаза аткаруу кызматынын атайын уюштуруп жаткан провокациясы. Ден соолугубузга байланыштуу, психологиялык жана саясий жагынан алганда биз өзүнчө отурушубуз керек. Бирок бизге басым кылып ар кандай адамдарды киргизип жатышат”, - деди саясатчы.

Равшан Жээнбековдун кайрылуусуна ал атаган мамлекеттик мекемелер азырынча комментарий бере элек.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирген 27 саясатчы, активист жана укук коргоочулар 2022-жылы октябрда камалган. Ушул тапта кармалгандардын ичинен тогуз киши тергөө абагында калды. Калгандары түрдүү жагдайда үй камагына чыккан.

Кемпир-Абад иши 2023-жылы июнь айында сотко өтүп, Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө башкармалыгы ишке “жашыруун” грифин койгон. Милиция аларга Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык баш аламандыктар” жана “Бийликти күч менен басып алуу” беренелери менен айып таккан.

Шектүүлөр мунун баарын саясий куугунтук катары сыпаттаган. Соттук жараяндар жабык өтүүдө. Айыпталып жаткандар аны ачык өткөрүү талабын коюп келишет. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG