Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:30

Депутат Айдарова министр Ниязбековдун отставкасын талап кылды


Айгүл Айдарова.
Айгүл Айдарова.

Жогорку Кеңештин депутаты Айгүл Айдарова парламенттин 18-апрелдеги жыйынында ички иштер министри Улан Ниязбековдун отставкасын талап кылды.

Ал Башкы прокуратура менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) кайрылып, Улан Ниязбековдун ишмердигин текшерүү сунушун берди. Айгүл Айдарова “министр ички иштер органдарынын кызматкерлерине көңүл бурбай жеке иши менен эле алектенип жүрөт” деп сынга алды.

“Министр өзүнүн кызматкерлери менен иштебей жатат. Кечки бизнеси менен убара же 5-6 машина алып келип кызматкерлерди алдоо менен убара. Урматтуу президент Садыр Нургожоевич, ушул министрдин кызмат ордун карап коюңузчу. Бул кишинин кызматта турганга моралдык укугу жок. Элди, кызматкерлерди алдап атат”, - деди ал.

Депутат Айгүл Айдарованын дооматтары тууралуу Улан Ниязбеков жана Ички иштер министрлиги (ИИМ) комментарий бере элек.

ИИМдин сайтындагы маалыматка ылайык, Улан Ниязбеков 1998-жылдан бери укук коргоо тармагында иштеп келатат. 2020-жылы Октябрь окуясынан кийин ички иштер министри болуп дайындалган. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG