Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:14

Кыргызстан "Камбар-Ата-1" ГЭСин куруу үчүн инвестициялык форум өткөрөт


Вашингтондо Дүйнөлүк банктын жетекчилиги менен жолушуу.
Вашингтондо Дүйнөлүк банктын жетекчилиги менен жолушуу.

Кыргызстан Камбар-Ата -1 ГЭСин куруу үчүн Вена шаарында эл аралык өнөктөштөр жана каржы институттары үчүн инвестициялык форум өткөрөт. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 17-апрелде Вашингтонго Дүйнөлүк банктын Европа жана Борбордук Азия боюнча вице-президенти Антонелла Бассани менен жолугушууда билдирди.

Жапаров “Камбар-Ата – 2” ГЭСинин курулушу Борбор Азия үчүн да маанилүү экенин, бул аймакта калкты суу-энергетикалык ресурстар менен камсыздоо көйгөйгө айланганын билдирди.

Жолугушууда бул каржы институту менен Кыргызстандын ортосундагы саламаттык сактоо, билим берүү, социалдык коргоо, энергетика, энергиянын кайра жаралуучу булактары жашыл экономика тармагы боюнча да сүйлөшүлдү.

Жапаров мындан соң Дүйнөлүк банктын операциялар боюнча башкаруучу директору Анна Бьерде менен жолугушуп, банктын Кыргызстанга көрсөткөн колдоолорун белгиледи.

Бул жолугушуулардын жыйынтыгында эки документке кол коюлду:

  • Кыргызстан менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы “Туруктуу агроазык-түлүк кластерлерин өнүктүрүү” долбоорун ишке ашыруу үчүн Кыргыз Республикасына 35 млн. АКШ доллары суммасында каржылоону берүү жөнүндө макулдашуу;
  • Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган 7,64 млн. АКШ доллары өлчөмүндөгү “Айылдарды суу менен камсыздоону жана канализацияны туруктуу өнүктүрүү” долбооруна экинчи кошумча каржылоо маселеси жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы макулдашуу.

Өкмөттүн маалыматында Жапаров Вашингтон сапарынын алкагында Дүйнөлүк банктын жана Эл аралык валюта фондунун жетекчилиги менен би катар сүйлөшүүлөрдү өткөрүп жатканы айтылат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG