Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 09:52

"Чек арасыз кабарчылар" уюму ТикТокту бөгөттөөдөн баш тартууга чакырды


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Эл аралык "Чек арасыз кабарчылар" (RSF) уюму Кыргызстанда ТикТок соцтармагын жабуу чечимине кабатырлыгын билдирди. Уюмдун бул тууралуу билдирүүсү Х соцтармагына жарыяланды.

"Жашы жете электерди коргоого негизделген мындай чечими интернеттен маалымат алуу укугун чектейт. RSF кыргыз өкмөтү соцтармакты бөгөттөөнү токтотууга жана платформаларды тескөөнүн так чектерин аныктоого чакырат",- деп жазылган билдирүүдө.

16-апрелде коомчулукка Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу байланыш тармагын жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы өлкөнүн интернет-провайдерлерине TикТок социалдык желесин бөгөтөө боюнча кат жөнөткөнү белгилүү болгон. Аталган мекемеге бул платформаны жабуу боюнча Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) кат жолдогон. Анда кыргыз сегментинде айрыкча балдар үчүн контенттерге көзөмөл болбой жатканы айтылган.

Өлкөдөгү интернет-провайдерлери Санариптик өнүктүрүү министрлигинин каты боюнча комментарий бере элек. 18-апрелден тартып айрым интернет-провайдерлерде TikTok платформасы ачылбай же үзгүлтүккө учурап жатканы кабарланды.

Кыргыз бийлиги ТикТок соцтармагын бөгөттөөгө буга чейин да аракет кылган. 2023-жылдын 30-августунда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Кыргызстанда TikTok'ту колдонууга тыюу салган чечим кабыл алган. Мекеме буга соңку учурда бул социалдык тармак балдардын психикалык өнүгүшүнө, саламаттыгына терс таасирин тийгизип жатканына кабатырланган кайрылуулар көбөйгөнүн негиз кылган. Бул чечимди ишке ашыруу үчүн Санариптик өнүктүрүү министрлигине кат жөнөтүлгөн. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG