Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:02

Аба ырайы: айрым аймактарда жаан жаайт


19-апрелде түнкүсүн Нарын облусунун айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт, тоолуу райондордо карга айланат. Күндүз Баткен, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт, Ош облусунун тоолуу райондорунда карга жаайт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот, кар көчкү жүрүү коркунучу бар. Автоунаалардын ортосундагы 500 метр аралык чектелиши зарыл.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 7…12, күндүз 21…26;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 5…10, күндүз 19…24;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 9…14, күндүз 22…27;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 14…19;

Нарын облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 14…19.

Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 9…11°, күндүз 24…26° жылуу болот.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG