Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:17

Грузияда "чет элдик агент" мыйзамына каршы акция уланды


Тбилиси. Акциянын катышуучулары.
Тбилиси. Акциянын катышуучулары.

Грузияда бийликтин Орусиянын «чет элдик агент» мыйзамын туураган деген демилгесине каршы акция 18-апрелге караган түнү да уланып, кандайдыр бир олуттуу окуясыз тараганын «Азаттыктын» грузин кызматы жазды. Митингдин уюштуруучулары мындан аркы пландары тууралуу эч нерсе жарыялаган жок.

15-апрелден бери борбор калаа Тбилисиде парламенттин жана өкмөттүн имараттарынын алдында, уюштуруучулардын айтымында, миңдеген киши чогулуп, «чет элдик агент» мыйзамын кабыл албоону талап кылышты.

18-апрелде мыйзам долбоору парламентте биринчи окууда кабыл алынды. 15-апрелде ал парламенттин юридика комитетинде колдоо тапкан.

Митингчилер премьер-министр Ираклий Кобахидзе менен жолугушууну талап кылышкан, бирок ал акциянын катышуучуларынын алдына чыккан жок.

Мыйзам долбоорун иштеп чыгып, сунуш кылган бийликтеги «Грузин кыялы» партиясы демилгесинен баш тартуу ниети жок экени да кабарланды.

Журналисттер оппозициялык «Жарандар» партиясынын лидери, парламент депутаты Алеко Элисашвилини полиция кармап кеткенин жазышкан. Бирок, анын коомдук жактоочусу Леван Иоселианинин айтымында, «саясатчынын абалы жакшы», депутаттык кол тийбестигине байланыштуу камакка алынган жок.

Жалпысынан үч күн ичинде 27 демонстрант кармалды. Айрым жерлерде полиция менен кагылышуу болуп, митингчилерге күч колдонулду.

Орусиянын оппозицияны, жарандык коомду жана журналисттерди чектеген «чет элдик агент» мыйзамын туураган деп грузин оппозициясы айыптап жаткан «Чет өлкөлүк таасирдин ачыктыгы» мыйзам долбоорун кремлчил олигарх Бидзина Иванишвили негиздеген "Грузин кыялы" партия сунуштоодо. Грузия парламентиндеги 150 орундун 84үн "Грузин кыялы" партиясынын өкүлдөрү ээлеп турушат. Былтыр декабрда Тбилисиде Европаны жактаган он миңдеген адам жүрүшкө чыкканда ага бийликтеги "Грузин кыялы" партиясы катышкан эмес. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG