Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:22

Украинанын Чернигов шаарында Орусиянын чабуулунан каза болгондор 18ге жетти


Чернигов шаары. 2024-жылдын 17-апрели.
Чернигов шаары. 2024-жылдын 17-апрели.

Украинанын Чернигов шаарында Орусиянын 17-апрелдеги ракеталык чабуулунан каза болгондор 18ге жетти. Бул тууралуу 18-апрелде өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик кызматы билдирди.

Жараат алгандар 78 киши, алардын үчөө балдар экени, жалпысынан орус аскерлери шаршемби күнү шаардын борбордук бөлүгүнө үч жолу ракета менен сокку урганы, үйлөр, окуу жайлар, ооруканалар жана башка социалдык инфраструктура мекемелери талкаланганы кабарланды. Бүгүн Черниговдо Аза күтүү күнү жарыяланды.

Кезектеги видеокайрылуусунда украин президенти Владимир Зеленский Черниговдо жакындарынан айрылгандарга көңүл айтып, Батыштагы союздаштарды «жалпы коопсуздукту» камсыздоого чакырганын кошумчалады:

«Биздин коопсуздугубуз үчүн эмне зарыл болуп жатканынын баарын айттым. Албетте, абадан коргонуу комплекстери керек, фронт тилкесиндеги абал да маанилүү. Азыр Европадагы, эркин дүйнөдөгү ар бир өлкө коопсуздуктуу бекемдөөгө аракет кылышы, чечкиндүүлүгүн көрсөтүшү зарыл».

18-апрелде Ивано-Франков облусу учкучсуз учактардын чабуулуна кабылганын, алардын баары атып түшүрүлгөнүн облустук аскердик администрация башчысы Светлана Онищук билдирди.

Фронт тилкесинде соңку суткада жалпысынан 87 жерде кагылышуу болгону, орус аскерлеринин чабуулу Бахмут жана Новопавловск багыттарында көбүрөөк катталганы маалымдалды.

Өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы Александр Сырский НАТОнун Европадагы бириктирилген куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы, АКШнын Европадагы Куралдуу күчтөрүнүн командачысы Кристофер Каволи менен сүйлөшкөнүн 18-апрелде Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн басма сөз кызматы билдирди. Фронттогу абал, Украинанын муктаждыктары жана өнөктөштөрдүн жардамы тууралуу сөз болгону кабарланды.

Александр Сырский Орусия өз аскерлерине 9-майга чейин Донбасстагы Часов Яр шаарын ээлеп алуу тууралуу тапшырма бергенин жакында айткан.

Украина Орусиянын толук масштабдуу согушуна кабылган алгачкы жылы Батыштагы өнөктөштөрүнөн курал-жарак жагынан жардам алып, күрөшүн жүргүзгөн. Бирок былтыртан бери андай жардам дээрлик токтогон. Украин бийлигинин өлкөнүн аба мейкиндигин Орусиянын чабуулдарынан коргоп берүү өтүнүчү да колдоо таппай келет.

Президент Владимир Зеленский 17-апрелде Черниговдогу чабуулдан кийин да "Украинада абадан коргонуу системасы жана дүйнөнүн орусиялык террорго каршы чечкиндүүлүгү жетиштүү деңгээлде болсо, азыркыдай абал жаралбайт эле", - деди. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG