Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:00

БУУнун палестин качкындарына жардам берүүчү агенттиги Коопсуздук кеңешине кайрылды


Филипп Лаззарини.
Филипп Лаззарини.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Жакынкы Чыгышта палестин качкындарына жардам берүү жана ишти уюштуруу агенттиги (UNRWA, БАПОР) Израилдин талаптарынан улам жабылып калышы ыктымал болуп жатканын, буга жол бербөө керек экенин айтып БУУнун Коопсуздук кеңешине кайрылды.

Агенттиктин башкы комиссары Филипп Лаззарининин 17-апрелдеги билдирүүсүндө эгер иш токтосо, эл аралык тынчтык жана коопсуздук үчүн олуттуу кесепети болушу ыктымал экенин эскертти.

Лазарини ондогон жылдар бою миллиондогон палестин качкындарга гуманитардык жардам берип келе жаткан агенттикти жоюу боюнча атайын өнөктүк жүрүп жатканын белгилеп, эгер буга жол берилсе, Газа секторунда гуманитардык кризис курчуп, ачарчылык жайыларын кошумчалады.

Израил UNRWA агенттигин ХАМАСтын (АКШда жана Европа Биримдигинде террордук уюм деп жарыяланган) «террордук аскер машинасынын» бир бөлүгү деп айыптаган. Жөөт аскерлери Газада агенттиктин кеңсеси жайгашкан жердин алдында ХАМАСтыкы деген туннелдерди көрсөткөн, анын кызматкерлери октябрдагы кол салууга катышкандар арасында болгонун да айтып чыккан. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG