Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:52

УКМК адам органдарын саткан топтун ишине бөгөт коюлганын билдирди


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) адам органдарын чет өлкөлөргө сатуу боюнча мыйзамсыз туруктуу канал уюштурган эл аралык кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалганын маалымдады.

Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы 18-апрелде кабарлады. Ага ылайык, козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында З.Р.З. аттуу жаран менен алдын ала макулдашуу боюнча адам органдарын сатуу каналын уюштурган К.А.К. аттуу жаран аныкталган.

К.А.К. чет элдик клиникаларда бөйрөк алмаштыруу үчүн ири суммада - 80 миң долларга чейин төлөөгө даяр бейтаптарды издеп таап турган. Кыргызстандын аймагындагы жалдаган адамдары акчалай сыйлык үчүн донорлорду таап, аларды өздөрүнүн ички органдарын алдоо жолу менен берүүгө азгырышкан.

"Донорлор талапка ылайык, медициналык текшерүүдөн өтүшү керек болгон, бирок корутунду дайыма оң чыгарылган. Уюштуруучулар коррупциялык жолдор аркылуу операция жасалуучу клиникага тапшыруу үчүн жасалма документтер менен чет өлкөгө чыгарып турушкан. Донорлор бөйрөгүн бергени үчүн үчүн орто эсеп менен 1-7 миң доллар гана алышкан. Ал эми жалданма адамдар ар бир донор үчүн 3 миң доллар алышкан. Каналдын уюштуруучулары 30-70 миң доллар алып турган", - деп жазылган маалыматта.

17-апрелде бөйрөктү трансплантациялоо үчүн кезектеги донорду чет өлкөгө жиберүү учурунда, "Манас" аэропортунун аймагынан Кыргызстандын жарандары К.А.К. жана З.Р.З. кармалды. Экөө тең УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Коопсуздук кызматы учурда орган сатууга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо иштери уланып жатканын билдирди.

Кыргызстандын аймагында менчик клиникаларга адам органдарын алмаштырууга уруксат берген мыйзам долбоорун парламент 2015-жылы кабыл алган. Ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев мыйзамда адам өмүрүнө коркунуч келтирген учурларды алдын алуунун чаралары каралбаганын жүйө келтирип, ага кол коюудан баш тарткан. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG