Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:50

Казакстанда суу каптаган аймактарда кеминде жети кишинин өмүрү кыйылганы тастыкталды


Казакстан. Суу каптаган айыл.
Казакстан. Суу каптаган айыл.

Казакстанда суу каптаган аймактарда каза болгондор жети киши экенин бүгүн 18-апрелде өлкөнүн ички иштер министринин биринчи орун басары Марат Кожаевдин парламентте айткандарына таянып «Азаттыктын» казак кызматы жазды.

Кожаев ар бир өлүм боюнча кылмыш иши козголуп, териштирүү жүрүп жатканын айтты:

"Ооба, тилекке каршы, ошондой окуялар болду, бул тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттары жазышкан. Абай облусунда эки киши жоголду, Атырау облусунда бир нече сөөк табылды. Абай облусунда издөө иштери уланып жатат", - деген Кожаев алардын өлүмү үчүн кимдир бирөө күнөөлүүбү же жокпу, тергөөнүн жыйынтыгында аныкталарын кошумчалады.

Буга чейин Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Атырау облусунун Күлсары шаарында суу ташкындан төрт кишинин өмүрү кыйылганын ырастаган. Абай районунда дарыя суусу жээктен чыгып каптаган айылда төрт кишинин дайыны табылбай жатканы кабарланган. Актөбе облусунда эки баланын өлүмүнө селдин тиешеси жоктугун жергиликтүү бийлик билдирген.

Суу каптаган аймактардан коопсуз жакка жүз миңден ашуун киши көчүрүлгөн.

Суу бара-бара тартыла баштаганын, бирок алдыдагы 10 күн оор болорун президент Касым-Жомарт Токаев 16-апрелде Түндүк-Казакстан облусуна барып, селден жабыркаган жергиликтүү тургундар менен жолугушканда айткан. Ал Казакстан азыр оор кырдаалды башынан кечирип жатканын белгилеп, бюджеттик каражатты үнөмдөө максатында бардык борбордук мамлекеттик жана жергиликтүү аткаруу органдарына ири иш-чараларды уюштуруудан баш тартуу тапшырмасы берилгенин билдирген.

26-марттан бери Казакстандын түндүгүндө жана батышында сел жүргөн аймактарда абал оорлоп, Абай, Актөбө, Акмоло, Атырау, Батыш-Казакстан, Түндүк-Казакстан, Костанай жана Павлодар, жалпысынан 10 облуста өзгөчө кырдаал режими жарыяланган. Айрыкча оор абал Атырау облусунун 65 миң калкы бар Күлсары аймагында түзүлгөн.

Атырау облусунда өзгөчө кырдаал 7-апрелде жарыяланган. Ошол эле күнү куткаруучулар Күлсары шаарынан эки кишинин сөөгүн табышкан.

Адистер Казакстан азыркыдай суу каптаган абалга 80 жылдан бери тушуга элек болгонун айтып жатышат.

Социалдык түйүндөрдө тараган маалыматка караганда, бир нече адам дайынсыз болууда.

Эвакуация болгондордун жарымына жакыны балдар. 5,5 миңдей үйдү суу каптады. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG