Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:21

Германия Орусиянын пайдасына диверсия даярдаган эки киши кармалганын билдирди


Германия. Полиция кызматкерлери. Иллюстрациялык сүрөт.
Германия. Полиция кызматкерлери. Иллюстрациялык сүрөт.

Германиянын Федералдык прокуратурасы бул өлкөнүн аймагында диверсия жасоого даярдык көргөн деген айып менен Орусиянын эки жараны кармалганын 18-апрелде тастыктады. Мекеменин маалыматына караганда, алар немис жана орус кош жарандыгы бар адамдар.

Кармалгандар “орусиялык атайын кызмат менен байланышта болгон, АКШ армиясынын аскердик объектилерин, аскердик жана өнөр жай ишканаларын бутага алмак” деп шектелип жатканын 17-апрелде Der Spiegel басылмасы жана ARD телеканалы маалымдашкан.

Алар Украинага аскердик жардамга тоскоолдук кылыш үчүн диверсия даярдап жүрүшкөнү белгиленди.

Немис жалпыга маалымдоо каражаттары Баварияда жайгашкан, украин аскерлери америкалык Abrams танкын башкарууга машыгып жаткан Графенвер аскердик базасы бутага алынмагын жазышты.

Шектүүлөр Бавариянын Байройт шаарында колго түшүрүлдү. Алардын жашаган жана иштеген жеринде тинтүү жүргүзүлдү.

Орусия бийлиги бул боюнча комментарий бере элек.

Германиянын Тышкы иштер министрлиги орус элчисин чакыртып, түшүндүрмө сурады. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG