Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:38

Жети киши набыт болду. Казакстанда суу каптоонун экинчи толкуну башталды


Казакстандын Павлодар калаасындагы суу каптаган көчө жана үйлөр. 14-апрель, 2024-жыл
Казакстандын Павлодар калаасындагы суу каптаган көчө жана үйлөр. 14-апрель, 2024-жыл

Казакстанда суу ташкын жети кишинин өмүрүн алганын Ички иштер министрлиги билдирди. Суу каптаган он облустан 117 миңдей киши эвакуацияланды. Анын 40 миңдейи балдар. Үй-мүлкү суу астында калгандар бийликтен кенемте маселесин чечип берүүнү талап кылууда. Орусияда да кырдаал оор экени кабарланды.

Казакстандын ички иштер министринин орун басары Марат Кожаев 18-апрелде билдиргендей, суу ташкындан каза тапкан жети киши тең Атырау облусунан болгон. Ал Абай облусунда дагы эки адамдын дайыны чыкпай жатканын кошумчалады.

"Куткаруучулар Абай районундагы эки кишини издөө иштерин улантып жатышат. Жети кишинин өлүмү боюнча иликтөө иштери башталды", - деди Кожаев.

Жаратылыш кырсыгынан канча адам көз жумганы белгисиз бойдон калууда. Айрым аймактарда жергиликтүү тургандардын сөздөрү расмий жетекчилик тараткан маалыматтар менен дал келбей жатат. Өлкөнүн түндүк-батышындагы Абай районунда эки бала чарчап калганы кабарланууда. Бийлик билдиргендей, алардын өлүмү суу ташкынга байланыштуу эмес.

“Биз былтыркыдай эле суу көчөлөрдү бир аз каптап, тартылып кетет деп ойлогонбуз. Мындай болорун эч ким күткөн эмес”, - дейт Батыш Казакстан облусундагы Коржин айлынын тургуну Арай Айткаливева.

Суу ташкынга туш болгон аймактардын тургундары бул үчүн бийликти күнөөлөп, убагында чара көрбөй койгонун айтышууда. Алардын айрымдары сын пикирлери үчүн камалып да чыкты.

Казакстан: Эл суу ташкындын экинчи толкунуна даярданууда
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:54 0:00

17-апрелде Костанай облусунун тургуну Кайрат Мусабаев президент Касым-Жомарт Токаевди жана анын өкмөтүн сынаганы үчүн 10 күнгө камалып чыкты.

39 жаштагы Мусабаев Интернетте жайгаштырган видеокайрылуусунда өкмөт “кышында үшүтүп, жайында токойду каптаган өрттү өчүрө албай, жазында суу каптатарын” айтканда “негизсиз маалыматты” таркатканы үчүн күнөөлүү деп табылды.

Павлодарда 57 жаштагы Акылбек Темиргалинов өкмөттү суу ташкынга чара көрбөгөн деп ачык сындаганы үчүн алты күн түрмөдө отуруп, 17-апрелде чыккан.

Ал эми Орол шаарына жакын жайгашкан дачанын тургундары бийликтен кенемте маселесин чечип берүүнү талап кылууда. Көз жаздымда калабызбы деп кооптонгон жергиликтүүлөр жол тосконго чейин барды.

"15 мүнөттө суу каптап кетти. Үйүмдө азыр суу шып менен бирдей болуп турат. Баардык буюмдарым, насыяга алган эмеректерим баары суу астында калды", - дейт Оролдун тургуну.

Батыш-Казакстан облусунун прокурору Серик Шалабаев жарандарды мыйзамсыз акцияларды токтотууга чакырды.

Орол шаарынын жака-белиндеги дачаларда суу тартылбай, тескерисинче, ташкындын экинчи толкунуна кабылары күтүлүп жатат. Орусиянын аймагында жайгашкан Урал дарыясындагы суу Казакстандагы Жайык дарыясына куюп, кооптуу чектен ашары болжолдонууда.

“Айткылачы, кайда барабыз?”

Түндүк Казакстан облусундагы Петропавловск шаары жана анын айлана-тегерегиндеги айыл-кыштактар суу ташкындан катуу жапа чеккен аймактарга кирет. Ишим дарыясында суу көтөрүлүп, чегинен чыгып кеткен. 1700 турак-жай суу астында калды, жети миңден көп киши эвакуацияланды.

Калаадагы Подгора, Заречный, Мичурино, Хромзавод кичи райондору дээрлик бүт бойдон суу астында калды. Подгорада жашагандардын “Азаттыкка” айтымында, өзүлөрү суудан коргонууга аракет кылышкан, аскерлер, куткаруучулар убагында келишкен эмес. Алар өз учурунда дамбалар курулса, аймактарды сактап калса болмок дешет.

“Колубуздан келгендин баарын жасадык. Суу абдан көп келди”, - деп актанды Петропавловск калаасынын акими Серик Мухамедиев жергиликтүү тургундар менен жолугушканда.

Аймакта суу астында калган үйлөрүн тунжурап тиктеп турган тургундарды көрүүгө болот. Алардын ар бири өз үйүнө, мүлкүнө жана мал-жанына сарсанаа болууда.

"Эч нерсебиз калган жок. Кантип жашайбыз эми? Айткылачы, кайда барабыз? Айлык акы аз. Эч бир мүлкүбүздү сактай албай калдык. Биз бул баш калкалоочу жайдан чыккандан кийин кайда барабыз?" - дейт жергиликтүү тургундардын бири Гүлдарай Хусаинова.

Казакстандагы суу ташкындан жапа чеккен Гүлдарай Хусаинова. 15-апрель, 2024-жыл. Петропавловск.
Казакстандагы суу ташкындан жапа чеккен Гүлдарай Хусаинова. 15-апрель, 2024-жыл. Петропавловск.

15-апрелге караган түнү суу Большая Малышка деген айылды каптады. Миңден ашуун тургун эвакуацияланды. Тургундар мал-келин алып кетүүгө үлгүрбөй калганын айтышууда.

10-апрелде Түндүк Казакстан облусунун башчысы Гауез Нурмухамбетов Петропавловскини көздөй Есиль дарыясынан чоң суу ташып баратканын, ал эки күндө аймак борборуна жетерин эскерткен.

Петропавловскиге суу 13-апрелде жетти. 14-апрелде айрым райондорду каптап кетти.

16-апрелде Түндүк-Казакстан облусуна президент Касым-Жомарт Токаев барды. Ал жабыркаган тургундар менен жолугуп, эч ким көз жаздымда калбастыгын дагы бир ирет кайталады:

"Баарыбыз үчүн азыр кыйын учур. Бул жалпы улуттук алаамат. Бир чети, жакшы жышаандар да бар. Суу акырындан тартылып жатат. Менимче, алдыдагы он күн баарынан маанилүү болот."

Президент айткандай эле, Казакстандын айрым аймактарында суу тартылып, 16 миңдей киши үйлөрүнө кайтканы маалым болду.

Орусияда кырдаал оор

Орусияда бир катар аймактар дагы эле суу астында. Курган облусундагы Тобол дарыясындагы суунун деңгээли дагы жогорулашы күтүлүп жатат. Ал жактан 14 миңдей киши эвакуацияланды. Тюмень облусундагы 15 калктуу конуштун тургундары коопсуз аймакка көчүрүлдү.

Оренбург облусунда 6,5 миң турак-жайды суу каптап кетти. Томск облусундагы Том дарыясында суунун деңгээли төмөндөгөнү менен, Об дарыясында көтөрүлүп жатканы маалым болду.

Оренбургдагы ташкын: үйсүз калган кыргыздар
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:43 0:00

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG