Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:09

Акылбек Жапаров Азия инвестициялык банкын “Камбар-Ата-1” ГЭСин курууга каражат салууга чакырды


Акылбек Жапаров жана Цзинь Лицюнь.
Акылбек Жапаров жана Цзинь Лицюнь.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен Азия инфраструктуралык инвестиция банкынын (АИИБ) президенти Цзинь Лицюнду Кыргызстанда “Камбар-Ата-1” гидроэлектр станциясын (ГЭС) курууга катышууга чакырды.

Бул тууралуу ал АКШнын борбору Вашингтондо өткөн Дүйнөлүк банк тобунун жана Эл аралык валюта фондунун (ЭВФ) жазгы жолугушууларында айтканын өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Цзинь Лицюнь “Камбар-Ата-1” ГЭСи чоң долбоор экенин, аны каржылоого катышууга банк даяр экенин айткан.

Кыргыз бийлиги “Камбар-Ата-1” ГЭСин курууга болжол менен 2 миллиард 916 миллион доллар кетерин маалымдаган. Курулуш алты баскычтан турат. Энергетикалык эксперттер долбоордун наркы 4-5 миллиард долларга чейин жетет деп эсептешет.

ГЭСтин өзүн куруу 2024-жылы башталып, биринчи агрегаты 2028-жылы ишке берилет деп пландалган. ГЭС курулуп бүтсө, 1860 МВт кубаттуулукта болуп, жылына 5,6 миллиард кВт саат электр энергиясын өндүрөт.

“Камбар-Ата-1” ГЭСин Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан биргелешип куруу чечимин кабыл алган. Ага ылайык, үч өлкөнүн ортосунда биргелешкен ишкана түзүлөрү айтылган. Компания “Камбар-Ата-1” ГЭСин башкарат жана анын 34% Кыргызстанга таандык болот. Ал эми Казакстан менен Өзбекстанга 33% бөлүнөт. Бирок бул боюнча конкреттүү иштер баштала элек. Буга чейин айрым депутаттар менен энергетиктер үлүштөрдүн пайызы боюнча тынчсыздануусун билдиришкен. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG